Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «ДАГЫ ИШТЕП БЕРИҢИЗ ДЕП АСКАР АКАЕВДИ ТУУРА ЭМЕС АХЫВАЛГА КАЛТЫРГАНЫБЫЗ БОЛБОЙТ»


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Жогорку Кеңештин 1990-1995-жылдардагы төрагасы Медеткан Шеримкулов менен болгон маектин экинчи бөлүгүндө өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн абалы, Алатоо аянтындагы В. Лениндин эстелигинин башка жерге көчүрүлүшү, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтү сыяктуу маселелер козголду.

Медеткан Шеримкулович, «өлкөдө коррупция күчөп, терең тамырлап кетти» деп, ушул учурда Акыйкат башкаруучулардын кеңеши түзүлүүдө. Мындан тышкары өлкөдөгү абалды мындан да жакшыртуу максатында Демократиялык кодекс кабыл алынганы турат. Дегеле, Акыйкат башкаруучулар кеңешин түзүү сыяктуу кадамдар менен коррупцияны жеңүүгө мүмкүнбү?

- Жок, биздин коомдо башка коомдордогудай эле, эл, массалык маалымат каражаттары, бийлик - баары биригип, тикесинен туруп, коррупцияга каршы чогуу күрөшүбүз керек. Ал эми коррупцияга каршы күрөшүү максатын койсо - Акыйкат башкаруучулардын кеңешин колдош керек. Ал эми Демократиялык кодекске келсек, мен аны менен таанышып чыктым. Менимче, өтө эле узун, баш-аягы жок. Маселенин өзөгү чар-жайыт болуп кеткен. Кодексте кызык нерселер да жүрөт. Мен бир эле жерин айтып коёюн: мындан ары эл ичинде бири-бирине, жетекчи кызматкерлерге, чиновниктерге «таксыр» деп кайрылса дейт. «Таксыр» деп кайрылуу менен биз демократияга эмес, феодализмге баратабызбы!? «Таксыр» деп жетекчинин алдында чөгөлөп, мүңкүрөп, башын көтөрбөй отурууга алып барабызбы элди!? Конституцияда Демократиялык кодекс тууралуу айтылып калгандан кийин, аны элдик талкуууга алып чыгып, элдин оюн угуп, ийине жеткирип, бышырып туруп, анан кабыл алыш керек да. Болбосо, курултайда же башка жерде кабыл алып койгонубуз менен ал аткарылбаса, элибизге пайда алып келбесе, ал дагы бир чала бышкан документ болуп калганы турат.

- Медеткан Шеримкулович, Алатоо аянтындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги алынып, Тарых музейинин артына, Жогорку Кеңештин алдына коюлганы турат. Лениндин эстелигинин алынышына кандай пикирдесиз?

- Биринчиден, Ленин жөнүндө пикиримди айтайын. Кыргыз эли Ленинге өмүр бою таазим кылышыбыз керек. Себеби, Лениндин көрсөткөн жолу боюнча, анын улут саясатынын негизинде Кыргызстан өзүнчө мамлекет болду. Адегенде, автономдуу облус, анан автономдуу республика, кийин союздук республикага жетиштик. 1916-жылдагы Үркүндө Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү кыргыздардын 44,5% кырылып, Кытайга качып, дайынсыз жок болуп кеткен. 1917-жылда Ленин баштаган Октябрь революциясынан кийин үй-жайынан, туулуп-өскөн мекенинен качып-бозуп кеткен кыргыз эли кайра чоугултуп, Алатоо аймагына өз республикасын түздү. Эл болдук, улут болдук, дүйнөдөгү башка элдердин катарына кошулдук. Бул – Лениндин улуттук саясатынын жемиши. Ошол себептен биз Лениндин кыргыз эли үчүн, мамлекет үчүн, мамлекеттүүлүгүбүздү куруу үчүн жасаган эмгегин эч качан унутпашыбыз керек. Бул - бир. Экинчиден, Лениндин эстелигин алып коюу боюнча пикирим мындай. Тажикстандагы 1993-жылдагы граждандык согуш мына ушул Лениндин эстелигин алып коюудан башталган. Кудай андан сактасын! Биз ага жетпейбиз деп ойлойм, анткени, акылдуу, сабырдуу элбиз.

Мен ушул пикирди мындан 7 жыл мурда да, Лениндин эстелигин алып коёбуз дешкенде да айттым эле, азыр да кайталап коёюн. Эгер эстеликти ала турган болсок, аны кайсы жерге коёбуз, элден мурда ошону аныкташыбыз керек. Лениндин эстелиги эч кимге тоскоолдук кылбайт, эч кимге жолтоо болбойт, анын ичинде, бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатка да тоскоолдук кылбайт. Болгону, эстеликке тарыхый эстелик катары караш керек. Себеби, Ленин тарыхта калган киши. Ал эми Лениндин эстелиги алынып салынган Алатоо аянтына Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы жөнүндө эстелик коёлу деген пикир бар турбайбы. Жаңы эстеликти коёрдон мурда анын долбоорун жалпы элдик талкууга алып чыгуу керек.


- Медеткан Шеримкулович, ушул жерден сөзүңүздү бөлөйүн, жакында Бишкек шаарынын башкы архитектору маалымат жыйынын өткөрүп, Лениндин эстелигинин ордуна, «Алатоо» кинотеатрынын жанындагы Дзержинскийдин эстелигинин ордуна коюлган Эркиндик эстелигин коёбуз деген маалыматын айтты…

- Эми, мен ал эстелик жөнүндө өз оюмду айтсам, Кыргызстанды, дегеле, өзүбүздүн нукура психологиябызды, 2000 жылдан ашуун тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду ал эстелик чагылдырып, жеткире алган эмес деп эсептейм. Ошондуктан, Лениндин эстелигинин ордуна коюла турган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арнала турган эстеликке конкурс жарыяланууга тийиш. Архитектор, скульптор, сүрөтчүлөрдүн оюн угуп, элдик талкуудан өткөрүп туруп, анан бир эстелик койсок жакшы болор эле. Анан Дзержинскийдин ордуна мындан 3-4 жыл мурда койгон эстеликти бүгүн «Алатоо» аянтына Лениндин ордуна алып келип койсок, эртең дагы кайсы жерге көчүргөнү турабыз?!..

- 28-29-августта Чолпоната шаарында кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайы өткөнү турат. Айрым маалымат агенттиктеринин, басылмалардын жазганына караганда, курултайда президент Аскар Акаевдин 2007-жылга чейин калып, иштеп берүүсүн суранган маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Ушул маселеге сиздин көз-карашыңыз кандай?

- Мен ал жөнүндө уккан жокмун, ошондуктан, кандайдыр бир оюмду айтуунун кереги жок деп ойлойм. Бирок, бул маселеге келгенде, биринчиден, Конституцияны колдонушубуз керек, президенттин Конституциялык өз мөөнөтү бар. Экинчиден, ошол Конституциянын гаранты болуп турган урматтуу президентибиз Аскар Акаев өз сөзүндө бир нече жолу «бул - менин акыркы мөөнөтүм, 2005-жылы кетем, жаңы шайлоо болот, жаңы президент келет» деп айтты. Ал билдирүү бир эле республикалык массалык маалымат каражаттарына эмес, бүтүн дүйнө жүзүнө тарап кетти. Анан ал кишини деле туура эмес, ыңгайсыз ахывалга калтыра берген болбойт да.

- Аксы жергесинде дагы бир курултай, 3-элдик курултай өткөнү турат. Ал курултай тууралуу кандай пикирдесиз?

- Аксы окуясы боюнча буга чейин эки ирет курултай өтпөдүбү. Мындай курултайлардын өтө бергени туура, анда маселе жок. Бирок 23-августта Аксыда боло турган курултайды же мындан 2 ай мурда өткөрүш керек эле, же кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайынан кийин өткөргөн оң болчу. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленип жатканда ачуубузду, таарынычыбызды ичибизге катып, жамы журт биригишибиз керек. Кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайы өткөнү жатканда дагы бир жолу эл менен бийликтин ортосунда жарака кетирүүгө аракет кылып, курултайда туура эмес, ачуу сөздөргө жол берүүнүн кереги барбы дейт элем.

- Акыркы суроом, саясий партия түзөйүн деген, депутаттыкка ат салышайын деген оюңуз барбы? Чоң саясатка кайтып келесизби?

- Суворов айтты беле, «генерал болууну самабаган солдат солдат эмес» деп. Анын сыңарындай, саясатта жүргөн киши эч убакта саясаттан кетпейт. Сөзүмдүн аягында, элибизди Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, тынчтык, ийгилик каалап кетким келет. Мамлекетибиз мындан ары да гүлдөп өссүн, кыргыз тукуму үзүлбөсүн!
XS
SM
MD
LG