Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Чеченстанда президенттик шайлоо алдында уруштар уланууда


Орус аскерлери менен чечен согушкерлери Грозныйдын түштүк-чыгышындагы Автур деген кыштакта эки күн катары менен кагылышты. Орусиянын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кечээ башталып бүгүнгө чейин уланган атышуулардан кеминде үч аскер курман болгон. Ал эми согушкерлердин 15тейи жок кылынып, 20 чактысы жаракат алды. Калгандары болсо тоо тарапка качып кеткен. Чеченстанда 5-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Президенттик кызмат үчүн 11 талапкер атаандашууда. Алардын бири, Мамлекеттик думанын депутаты Асланбек Аслахановдун билдиргенине караганда, бул жерде шайлоочулардын тизмесин түзүүдө олуттуу бурмалоолорго жол берилген. Маселен Асланбек Аслахановдун айтымында, катталган шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү же тизмеге киргизилген 540 миң шайлоочунун 200 миңге жакыны - көзү өткөн адамдар. Чеченстандын шайлоо комиссиясы азырынча мындай билдирүүгө комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG