Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Ооганстан жана Пакистан кызматташтыгын кеңейтет


Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Абдулла Абдулла менен Хуршид Касуринин Кабулдагы бүгүнкү жолугушуусунан соң айтылды. Ооган тышкы иштер министри Абдулла пакистандык кесиптеши менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдү "натыйжалуу" деп баалады. Хуршид Касуринин Кабулда ооган президенти Хамид карзай менен да кездешүүсү белгиленген. Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл эки өлкөнүн чек ара райондорундагы кырдаалга бурулууда. Ооган бийликтеринин маалыматына караганда, талибдер менен "ал-Каиданынын" согушкерлери такай Пакистандын аймагынан өтүп келип жатат. Өткөн аптада Ооганстандын Пакистанга чектеш Пактика провинциясында, талибердердин кол салууларынын натыйжасында 25тей адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG