Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00
Бул тууралуу Багдаддан БУУнун гуманитардык иштер боюнча координатору Рамиро Лопез де Силва билдирди. Бирок БУУнун көмөкчү иштерди аркалаган кызматчылары Ирактан коңшу Иорданияга жөнөтүлүп жатат. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан бүгүн Нью-Йоркто АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолукту. Колин Пауэллдин аталган жолугушуудан соң билдиргенине караганда, Вашингтон Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен Иракта эл аралык аскерлерди көбөйтүүнү караган жаңы резолюция кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Бирок Пауэллдин айтымында, Вашингтон Ирактагы иштерге жетекчилик кылууну БУУга өткөрүп берүүнү караштырган жок. Ал эми башкатчы Аннандын айтымында, БУУ Иракка өз бейпилдик күчтөрүн жиберүүгө ниеттенбейт. Улуттар Уюмунун көңүлү экономикалык, социалдык жана саясий кайра куруу маселелерине бурулмакчы. Ал эми БУУнун Багдаддагы кеңсесинде шейшемби күнкү жардыруудан каза тапкандардын саны бүгүнгкү карата 23 адамга жетти. Мындан сырткары жардыруудан 100дөн ашык киши жаракат алган. Өткөн түнү болсо Багдаддагы жарылуудан америкалык бир аскер каза таап, экөөсү жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG