Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Иракта Саддам Хусейндин атаалаш бир тууганы Али Хассан ал-Мажид кармалды


Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы билдирди, бирок командачылык ал–Мажид кандай шартта кармалганын айткан жок. Быйыл согуш учурунда, апрель айында ал-Мажид бомбалоодон каза тапканы кабарланган болчу. Бирок кийинчерээк АКШ командачылыгы ал тирүү калышы мүмкүн экенин да билдирген. Али Хассан ал-Мажидди 1988-жылы жергиликтүү күрддөргө каршы химиялык курал колдонууга буйрук бергени үчүн калк арасында "Химик Али" деп коюшчу. Ал Ирактын мурдагы режимине киргендердин АКШ түзгөн тизмесинде 5 - орунда эле.

XS
SM
MD
LG