Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

"Хамас" жана "Исламчыл Жихад" Израил менен элдешүү аяктаганын жарыялашты


Палестин радикал уюмдарынын бул жарыясы алдында Израилдин тик учмаларынын ракеталык чабуулунан Газа секторунда "Хамастын" лидерлеринин бири - Исмаил Абу Шанаб жана анын эки жансакчысы мерт болуп, бир нече киши жаракат алган. Сокку Абу Шанабдун автоунаасына урулган. "Хамас" Израилдин бул аракети жоопсуз калбасын эскертти. Израилдин аскерлери мындан эки күн мурда Иерусалимде жасалган террактка жооп кылып, Иордандын Батыш жээгиндеги палестин шаарларында ири операция өткөрүүдө. Иерусалимдеги жардыруудан 18 адам өлүп, 100дөй киши жаракат алган. Израил өкмөтү ушундан соң палестин радикалдарына каршы катаал чара көрүү чечимине келген эле. Жардырууну палестин премьери Махмуд Аббас да айыптады. Бүгүн ал Израил тарабынан "Хамастын" лидеринин өлтүрүлүшүн "кылмыш" деп атады. М.Аббастын айтымында, бул окуя палестин бийлигинин согушчан топторду ооздуктоо аракетин кыйындатат.

XS
SM
MD
LG