Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

ООГАНСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН ТАЛИБДЕРГЕ КАРШЫ ТУРА АЛАБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Жума күнү Пакистандын тышкы иштер министри Куршид Мехмод Касуринин Ооганстандагы эки күндүк сапары карыды. Анын сапарынын максаты - эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде аймактагы коопсуздукту жөнгө салуу, талибдердин кийинки кезде күч алып кеткен чабуулдарынын мизин кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Ооганстан менен Пакистандын учурдагы алакасы жана региондогу жалпы кырдаал тууралуу кепти

Пакистандын тышкы иштер министри Куршид Мехмод Касури Ооганстанга учуп барары менен бул өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен жолугушту. Андан кийин президент Хамид Карзай, коргоо министри Мохаммад Касим Фахим жана Ооганстандын мурунку падышасы Захир Шах менен да сүйлөштү. Бул жолугушуулардын бардыгында согуштан кийинки Ооганстанды калыбына келтирүү аракеттери жана ага ар кандай жолдор менен тоскоолдук кылып жаткан күчтөрдүн, анын ичинде талибдердин чабуулун басуунун жолдору талкууланды.

Кийинки айларда талибдер Ооганстандын ар кайсы жеринен чабуулун күчөтүп, өкмөттүк аскерлерге жана чек арадагы бейкүнөө адамдарга кол сала баштады. Өткөн жумада эле чек арадагы кол салуудан 100дөн ашуун адам өлүп, ондогон киши жараат алышты. Мындай чабуулдардын көбүн талибдердин Пакистан менен чектешкен аймактагы топтору жасап жатышат.

Хамид Карзайдын басма сөз катчысы Жамид Лудиндин айтымында, ушул дүйшөмбү күнү талибдердин бир тобу Пакистан менен Ооганстандын чек арасын бузуп өтүп, өлкөнүн Пактика вилайетиндеги айылдарга жана Бармал шаарындагы өкмөттүк кеңсеге чабуул коюшкан. Андан кеминде 22 адам каза болуп, бир нечеси жабыр тарткан. Мына ушундай кырдаал талибдерге каршы эки мамлекеттин бийлиги биригип бир чара көрүүгө мажбурлап жатат. Карзайдын басма сөз катчысы Жамид Лудиндин айтуусу боюнча, бул бир гана Ооганстандын баш оорусу эмес:

- Мындай чабуулдар Ооганстанда болуп жатат жана бул коопсуздук көйгөйүн терроризм пайда кылган. Терроризм бир гана Ооганстандын проблемасы эмес, ал дүйнөлүк проблема. Тилекке каршы, кол салуулар Пакистан менен чектешкен аймактарда көбүрөөк болуп жатат. Алар Ооганстандын калкынын жүрөгүнүн үшүн алгысы жана Ооганстандагы кайра түзүүлөрдү токтоткусу келип жатат. Мына ушундай кырдаал көйгөйдү күчөтүүдө, - дейт Хамид Карзайдын басма сөз катчысы.

Пакистан 2001-жылдын 11-сентябрына чейин талибдердин режимин колдоп келген. Террактан кийин Пакистандын президенти Первез Мушарраф антитеррордук коалицияга кирип, терроризмге каршы баш-оту менен күрөшөөрүн жарыя кылган. Бирок, Ооганстандын чалгындоо кызматы Пакистандын талибдерге тымызын колдоосун улантып жаткандыгын кабарлаган. Исламабад болсо андай кепти боюна жуутпай, талибдер Ооганстандын Пакистан менен чектешкен аймактарында орун алгандыгын баса көрсөтүп жатат. Жума күнү Касури пакистандык бул көз карашты дагы бир жолу баса айтып, мындай айыптоолор бир тууган элдердин өз ара мамилелерине жагымсыз таасир тийгизээрин эскертти.

Ал эми 2001-жылдан бери тынчып калган талибдер так ушул Пакистан менен чектешкен жерлерде чабуулун күчөтүүдө. Алардын өткөн жумадагы чабуулунан 100 адам, андан мурунку жумадагы чабуулунан 65 адам набыт болгон. Экөөндө тең талибдер Пакистандын аймагынан чыгып, Ооганстандын чек арасын бузуп өтүп келип, милиция менен өкмөттүк мекемелерге чабуул коюшкан. Ушул эле аптанын башында талаа командири Фазлулла Мужадади башкарган топ Кабулдан 100 чакырым алыстыкта турган өкмөттүк аскерлерге чабуул коюп, андан эки адам көз жумду. Ушул шейшемби күнү Ооганстандын эгемендик күнү белгиленип жатканда Хамид Карзайдын Кандагар шаарында жашаган бир тууганы Ахмед Вали Карзайдын үйүндө жардыруу болду.

Эки мамлекеттин бийлик жетекчилери мына ушундай кырдаалды кантип жөнгө салып, кайрадан баш көтөрө баштаган талибдерди биротоло кантип кыйратуу керектигин талкуулашты. Мындай биргелешкен аракет демилгесинен майнап чыгабы же жокпу азырынча айтуу кыйын.

Пакистан менен Ооганстан коопсуздукту жөнгө салуу чараларынан тышкары соода жана экономикалык байланышты жандантуу маселеси боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.Буга эки мамлекет ортосунда ар бир алты айда бир жолу өз ара кеңешмелерди өткөрүп туруу макулдашуусу да өбөлгө түздү.
XS
SM
MD
LG