Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Берлин менен Рим жарашуу ниетинде.


Германиянын канцлери Герхард Шрөдер эки өлкө ортосундагы мамилелерди оңдоо максатында Италияга эки күндүк иш сапары менен барды. Италиянын президентинин расмий чакыруусу боюнча аттанган немец канцлери ишембиде Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен жолугаары белгиленген. Эки лидер ортосундагы алакалар Берлускони өткөн айда Европарламенттин мүчөсү, Германиялык депутат Мартин Шульцту мазактап, аны кинодо концлагердин күзөтчүсүн ойногон артистке салыштыргандан тарта кескин салкындай түшкөн. Италиянын премьери кийинчерээк бул окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирип, бирок кечирим суроодон баш тарткан. Ал аз келгенсип, Италиянын туризм боюнча министри Стефано Стефани Италиянын деңиз жээктерин ультраулутчул, сары чачтуу немецтер каптап кетти деп жар салган. Андан улам Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Италияга эс алууга баруу планынан баш тартып, Берлускони ага телефон чалып, кечирим сурап, орой осолдук кетирген министрин кызматынан бошоткон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG