Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ирандын мурдагы элчиси камакка алынганына Тегеран терең нааразы.


Тегеран Ирандын Аргентинадагы мурдагы элчиси 1994-жылы Буэнос-Айрестеги жөөттөрдүн маданий борборундагы бомба жардыруусуна байланышы бар деген шек боюнча кармалганын кескин түрдө айыптады. Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамид Реза Асефи окуя саясий мүнөзгө ээ деп белгилеп, Ирандын экс-элчиси сионисттердин кысымы алдында кармалды деп билдирди. Британиянын полициясы бейшембиде Ирандын мурдагы элчиси Хади Сулейманпурду Аргентинанын өтүнүчү боюнча камакка алган, аны Буэнос-Айреске өткөрүп берүү маселесин жума күнү Лондондун соту карап баштады. 1994-жылы Аргентинада жөөттөрдүн маданий борборунда бомба жарылганда, 85 киши жантаслим болуп, 300гө жакын адам жараат алышкан.

XS
SM
MD
LG