Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Хамастын" экс-лидеринин тажиясына он миңдеген палестиндер чогулушту.


Палестин согушкерлери "Хамас" уюмунун активистинин өлүмү үчүн өч алуу максатында өткөн түнү Газа секторундагы жөөт кыштактарын минометтордон аткылашты. Тель-Авив палестиндердин ракеталык чабуулунан үй-мүлккө зыян келтирилгенин билдирди. Бейшембиде Израил армиясынын аба соккусунан "Хамастын" лидерлеринин бири Исмаил Абу Шанаб жана анын эки жансакчысы мерт болушкан. Ага удаа палестиндердин "Хамас" жана "Исламий жихад" уюмдары июнь айынын аягында жарыялаган элдешүү жараянын токтотуп, Шанабдын өлүмү үчүн өч алууга ант беришти. Жума күнү Газа секторунда "Хамастын" экс-лидерин акыркы сапарга узатуу каадасына чогулган он миңдеген палестиндер Израилге, палестин жетекчилигине каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

XS
SM
MD
LG