Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Нарын шаарында конференция өттү


НАРЫН. 2-августта Нарын шаарындагы «Соңкөл» жаштар сарайында өткөн «Билим сапатын көтөрүү» кеңешмесинде 2002-2003-жылы 50гө жакын окуучу бала мектепке тартылбаганы айтылды. Нарын мамлекеттик университети менен облустук билим берүү башкармалыгы биргелешип өткөргөн кеңешмеде облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Төрөбек Иманбердиев айылда окуучулар мектепке аз тартылып жатканын, айрым мектептерде окуучулар билимсиз калып атканын билдирди. Сабатсыз окуучуларды окуткан агайлардын көпчүлүгү жогорку категориядагы мугалимдер. Бааларды көтөрүү, күбөлүктү «төрт» менен «бешке» толтуруу дагы эле орун алууда.

Алатоо кабарларын Бишкекте даярдагандар Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров.

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG