Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

АКШ Конгрессинин делегациясы Кыргызстанда


БИШКЕК. 22-августа Кыргызстанга «АКШ- Борбор Азия» фондунун башкы кеңешчиси Роб Уоллес баштаган Америка Кошмо Штаттар Конгрессинин жооптуу кызматкерлери келди. 25 адамдан турган делегациянын негизги максаты - адам укуктарынын Кыргызстанда сакталышы, демократиялык процесстердин жүрүшү менен таанышуу. Жогорку Кеңеште делегация менен болгон жолугушууда Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев эки өлкө ортосундагы парламенттик жумушчу тобун түзүүнү сунуш кылды. Делегация Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинде болду. Президент А.Акаев АКШ Конгрессинин жооптуу кызматкерлерин кабыл алып, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык, демократия жана адам укугунун сакталышы маселелери талкууланды. АКШ Конгрессинин делегациясы ишембиде коомдук, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG