Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИН КОТОРУУ МЫЙЗАМГА КАЙЧЫ КЕЛБЕЙТ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Өткөн аптада Алатоо аянтынан алынып салынган пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин эстелигинин айланасындагы талкуу дале уланууда. Өкмөттүн мындай аракетин мыйзамсыз деп санаган коммунисттер сот аркылуу жеңип, Лениндин эстелигин кайра ордуна коюуга үмүт кылышууда. Өкмөттүк маалымат каражаттар болсо ыгы жок ызы-чуу кылып атат деп коммунисттерди сындап жатышат. Ал эми өкмөттүн жооптуу кызматкеринин жума күнү билдиришинче, Лениндин эстелигин которуу менен өкмөт эч бир мыйзамды бузган жок.

Владимир Ильич Лениндин эстелигин «Алатоо» аянтынан алуу иш-чарасы «Алатоо» аянтын реконструкциялоо жөнүндө» өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашты. Ага премьер-министр Николай Танаев 11-августта кол койгон. Токтомго ылайык, тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине кирген бул айкел Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайындагы гүлбакка орнотулат. Бул жер - Абдымомунов-Орозбеков-Пушкин-Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштери. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асанбек Сарыбаев мындай дейт:

- Алыс жылдырылган жок. Жакын эле жерде болот. Негизинен Жогорку Кеңештин имаратынан Айыл чарба министрлигинин имаратына чейинки жерди Бишкек шаарындагы бир эле аянт десек болот. Анын үстүнө «Алатоо» аянтынын бул бурчунда же тиги бурчунда турсун деп «Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамда айтылган эмес.

Бирок, ага карабай өкмөт аталган токтомду чыгаруу менен Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент колдогон «Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамды бузгандыгын өлкөнүн коммунисттери буга чейинки билдирүүлөрүндө бир нече ирет белгилешти. Коммунисттик партиянын биринчи катчысы Клара Ажыбекова 14-августта токтомго байланыштуу кыргыз өкмөтүн сотко берди. Коммунист-депутаттар мыйзам чыгаруу жыйынынын күзгү отурумунда бул маселени көтөрүүнү көздөшүүдө. Алардын пикиринде, өкмөт Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинин шылтоосу менен жеке кызыкчылыктарды ишке ашырып жатат. Асанбек Сарыбаев болсо эстеликти которуунун себебин эгемендүүлүктүн символу менен байланыштырат:

- Ушу эгемендүүлүктүн символун борбор калаанын так ортосуна, көрүнүктүүрөөк жерге коёлу дегенбиз. Ошон үчүн чечим кабыл алынды. Негизинен Владимир Ильич Лениндин эстелиги мурункудай эле мыйзам чегинде корголуп турат. Эстеликке зыян келтирилбейт.

Ырасмий маалыматка караганда, Алатоо аянтындагы Лениндин эстелигинин ордуна жакынкы күндөрү айкелчи Тургунбай Садыков жаңы жасаган Эркиндик монументи орнотулат. Ал Эркиндик гүлбагындагы мурдагы чыгармасынын эле чоңойтулган үлгүсү болот.

Азырынча борбордук Алатоо аянтындагы пролетарлардын жол башчысынын эстелигинин орду бош турат. Алатоо аянтындагы секичеден түшүрүлгөн Лениндин эстелиги Жогорку Кеңештин маңдайындагы гүлбакка жеткирилди. Сарыбаевдин маалымдашынча, Лениндин эстелиги тарыхый-маданий мурас катары күз айларында ырасмий орнотулмакчы.
Канткен менен Лениндин эстелигинин алынышын бир катар эл аралык жана жергиликтүү талдоочулар социалисттик системанын тарыхка кеткендигин тастыктаган саясий окуя катары баалашууда. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өлкөнүн райондук, облустук борборлорунда орнотулган Лениндин бардык башка эстеликтерин да көчүрүү убагы келгенин айтышат. Кыргызстанда Лениндин эстелиги канчоо экенин коммунисттер өздөрү да жакшы билишпейт. Бирок, эгемендүүлүк мезгилинде алар анча көп жабыркабаганын да айтышат:

- Чындыгында биздин Кыргызстанда Лениндин эстеликтери анча көп талкаланган жок, - дейт Коммунисттик партиянын баш катчысы Клара Ажыбекоова, - Мен билгенден Темирбек Акматалиев Лениндин Сузактагы эстелигин алып салган. Таласта да которуштуруу жасалды.

Азырынча, өлкөнүн башка аймактарында Лениндин эстеликтерин же коммунисттик системага байланыштуу ысымдарды, аталыштарды которуу тууралуу кеп жок. Бирок, Бишкектеги айрым райондорго Кыргыз мамлекетин негиздеген инсандардын ысымын ыйгаруу тууралуу демилгелер айтылууда. Бул ириде Ленин, Октябрь өңдүү райондорго тийиштүү деген да пикирлер бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG