Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Кабыл Макеш, Бишкек. 5-15-августта Индонезиянын Бали аралында өткөн оор атлетика боюнча уландар арасындагы Азия чемпионатында эки кыргыз жигити алтын медаль жеңип, чемпиондук наам алып келишти.

18 өлкөнүн улуттук курама командалары толук катышкан Азия чемпионатына Кыргызстан эки балбанды эптеп жөнөткөн. Анткени, өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын президенти Темирбек Акматалиевдин колдоосу менен гана спортсмендер кетээр күнү мамлекеттик спорт комитетине экөөнө деп каражат берилген. Мелдеш учурунда 200дөн ашык спортчулар арасында кыргыз жигиттери эң мыкты даярдыктарын көргөзүшүп, чемпион болуп кайтышты.

Азия чемпионатына эки балбандан тышкары Кыргызстандагы жалгыз эл аралык класстагы калыс Өмүржан Молдодосов да барып келди.

Чемпионатта 62 килограммга чейинки чоюн билек балбандардын арасында спорттун чебери Кутман Молдодосов күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө алгачкы аракети 115 кг. салмак менен гана чектелип, акыркы эки көнүгүүсү ийгиликсиз аяктаган. Бирок улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Үсөн Майназаровдун аракети менен тактикалык кемчиликтерди калыбына келтирилип, кайрадан ийгиликке жол ачылды. Ошентип, штанганы түртүп көтөрүүнү Кутман Молдодосов 135 кг. салмактан баштап, акыркы эки аракетин 140-145 кг. оордук менен жыйынтыктап, атаандаштарынан алдыга озду. Анын көтөргөн оордугунун жалпы суммасы 260 килограммды түзсө, экинчи орунга ээ болгон түштүк кореялык Ли Сен Мин 255 кг, ал эми малайзиялык Махарддин 252,5 кг. салмак менен кийинки орунду алган. Кутман мындан мурда да Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло байгелерин жеңип, келечегинен үмүткөр кылып келген.

Кутман 13 жашында спорт чебердигинин талабын орундаткан. Алардын үйбүлөсүн «оор атлетчилердин династиясы» дешет. Себеби атасы-Өмүржан, агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар. Бир тууган агасы Улан Молдодосов да Азия чемпиону болгон. Кутман да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып дүйнө чемпионатынын жана олимпиада оюндарынын алтын медалдарын жеңип, Кыргызстанды ааламга тааныткысы келет. «Азия чемпионатынан жеңген алтын байгем Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арнаган белегим болду», - деди Азия чемпиону Кутман Молдодосов.

69 кг. салмакта Кыргызстандын намысын эл аралык класстагы спорт чебери Манас Алибаев коргоп, ал дагы Кутман багыткан жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Тактадагы тирешүү 150 кг. салмак менен башталып, кийинки 160 жана 170 кг. оордукту багындырып, Манас экилтик эрежеде жалпы суммасы 305 кг. оордук менен чемпиондук наамга татыктуу болду.

Эки кыргыз жигитинин алтын медалга ээ болуп кайтышы башкаларды таң калтырды. Анткени, коңшу казак, өзбек командалары толук курам менен барышып, чемпиондук титулга илинбей калышкан. Азия аймагында кытайлык жана ирандык спортсмендер да саны-сапаты жагынан күчтүү экенин эске алсак, бирде ач, бирде ток болуп жүрүп алтын медалга ээ болгон жигиттерди Кыргызстандын сыймыгы деп тартынбай атоого болот. Бул Азия чемпионатына эки жигитти баштап барган өлкөнүн улук машыктыруучусу Үсөн Майназаров мындай деди:

- Бул мелдешке баруу үчүн көп кыйынчылыктар болду. Мен Азия чемпионатына 4 жигитти даярдагам. Каражат маселеси кендирди кесип, айла жоктон экөөнү алып барууга туура келди. Шакирттерим экөө бирдей алтын медаль жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулду. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарды кыргыз жигиттери артка калтырды. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан, алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп, чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Учурунда көңүл бөлүнбөгөндүктөн улам көп таланттуу жаштар башка мамлекеттерге же бөлөк тармактарга кетип калууда.

Кыргызстандын атагын дүйнөгө чыгарып келген эки жигитке өлкөнүн Туризм спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети ар бирине 4 миң сомдон сыйлык бергени аларды соороткондой эле кеп болду. Ал түгүл алар ушул жылдын февраль айынан бери стипендияларын алыша элек. Эгер бул жаш таланттарга азыртадан камкордук көрүлбөсө Азия оюндорынын алтын медалын Казакстанга жеңип берген түбү кыргызстандык Бакыт Ахметовдун тагдыры кайталанып, алар башка өлкөлөргө кетип калышы да толук ыктымал. Себеби бул жигиттерди 2008-жылы Пекинде өтө турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин Азия оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Мурадил да баса белгиледи. Колдогу алтындын баркын билип жаштарга көңүл бөлүнсө.

Сүрөттө: Азия чемпиону Кутман Молдодосовго медаль тапшыруу аземи
XS
SM
MD
LG