Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жаркын Темирбаева, Бишкек шаары Учурда түрмөдө жаткан «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов жакында өлкөнүн Жогорку сотунда жүргөн ага байланыштуу сот жараянына, Аксыда өтө турган 3-элдик курултайга, оппозициянын абалына карата өз пикирлерин «Азаттык» радиосуна курган маегинде ортого салды.

- Феликс мырза, түрмө шартына байланыштуу сиз менен бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондуктан, адвокатыңыз аркылуу жолдогон айрым суроолорго жооп берүүнүздү өтүнөт элек. Биринчи суроом: адвокатыңыз Любовь Иванованын арызынын негизинде Жогорку сот коллегиясы сиздин ишиңизди карап, райондук жана шаардык соттордун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганына пикириңиз кандай?

- Мен ага таңгалганым деле жок. Жогорку сотко кайрылбаганымды билесиңер да. Кыргызстан элдик конгресси жана «Арнамыс» партиясы менин Жогорку сотко кайрылуумдун эч кандай кажети жок дешкен. Анын себеби, биринчиден, эч кандай жыйынтык чыкпайт, экинчиден, мындай булганыч ишке аралашкан судьялардын санын көбөйткүм келген эмес. Анткени, мен аларды аядым. Ал эми актоочум Любовь Иванованын кайрылып жатышы, анын профессионалдык милдетине кирет. Себеби, ал адам укуктарын коргоочу эл аралык уюмдарга кайрылуу үчүн ушундай шарттуу тепкичтерден өтүшү керек болчу.

- Феликс мырза, эмне себептен Жогорку сотко кайрылган жоксуз?

- Кайрылбаган себебим, ишимди жаңыдан караган дагы үч сот бул ирет дагы ким бирөөнүн тапшырмасын аткармак. Ошон үчүн кайрылган жокмун. Билесизби, Бразилияда «өлүм эскадрону» деген болгон. Алар полицейскийлерден туруп, иштеп жаткан өкмөт жетекчилерин өлтүрүшкөн. Алардын ичинен кимдир бирөө күнөкөр болуп калбаш үчүн он адам турса бир эле убакта онуна тең ок чыгарган. Бизде деле ошол өлүм эскадронундай окуя болуп жаткан сыяктанат. Тек гана, адам өлтүрүлбөгөнү менен, соттор өтмө маанисинде киллердин ролун аткарып жаткандай. Ошондуктан, мен кимдир бирөөнү саясый аренадан кетирүү үчүн жогорудагыдай адамдардын көп болуусун каалабас элем.

Менин жеке өз башымдан өткөндөрдөн жыйынтык чыгарып айтканда, биз бийлик менен цивилизациялык жол менен саясый күрөш жүргүзүүнү үйрөнүшүбүз керек. Ал үчүн кечиримдүү болуш зарыл. Балким бизди куугунтуктагандарды биринчилерден болуп кечиргенибиз, учурдагы бийликтен эң чоң өзгөчөлүгүбүз, айырмачылыгыбыз ушунда деп ойлойм. Анткени, чакан мамлекетте жашап туруп, кимдир бирөө менен согушууну токтотпосок, өлкөдө башаламандык токтобойт. Мисалы Акаев кетип, башкасы келсе деле, Путиндин сөзү менен айтканда, ал дагы башкаларды куугунтуктап отуруп, аягы узакка созулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай куугунтуктоолорду өлкөнүн эртеңки келечек тагдыры үчүн чыдап, көтөрүүгө туура келет. Андыктан мен өз өлкөмдө өзүмдү эркин алып жүрөмүн деп ойлойм, себеби менин корко турган жерим жок.


- Кийинки суроом, Феликс мырза! Актоочуңуз Любовь Иванова «Азаттык» радиосуна Конституциялык сотко кайрыларыбыз» деп маалымдады. Конституциялык сот сиз каалагандай чечим чыгарарына көзүңүз жетеби?

- Биз турмуштагы реалдуу чындыкты эске алышыбыз керек. Конституциялык соттун биздин арыздарды кароого бел байлаарына көзүм жетпейт. Мен ага ишенбейм.

- Феликс мырза, сиз бул суроомо кандай жооп бересиз - билбейм. Ошентсе да кечирип коюңуз, эгерде сиз туура көргөндөй адилеттүү чечим чыгарылбаса, дагы кандай кадамдарды жасайсыз? Же түрмөдө отура бересизби?

- Адам укуктарын коргоочу эл аралык уюмдардын комиссиялары бар эмеспи. Анан калса Акаев да түбөлүктүү эмес. Бул мезгил да өтүп кетет. Мен акталчу күндөр да келет. Мен азыр андай деле кайгырган жокмун. Канча убакытка чейин отурууга тийиш болсом, ошого чейин отурам. Маселе анда эмес.

- Феликс мырза, сиз жетектеген партиянын өкүлдөрү жана актоочуңуз Сиздин СИЗОдо отурган күндөрүңүздү эсептеп чыгышты. Ага ылайык, калган жаза өтөө мөөнөтүңүздү абактан тышта жүрүп өтөө убактыңыз келди. Жактоочуларыңыз сизди «абакта ашыкча кармалып турат» деп айтышууда. Сиз эмне дейсиз?

- Актоочум Любовь Иванова бир жолу менин отуруу мөөнөтүмдүн эбак бүткөнүн айткан эле. Мисалы, мени менен кайсы бир убакта чогуу иштешкен «айыбы» үчүн менден мурда 10 жылга кесилген Үсөйүн Кудайбергенов абактан бошотулду. Аны менден мурда эркиндикке чыкты деген кызганыч ойдон алысмын. Башкы прокуратуранын мени «10 жылга соттолгон, эми араң эки жарым жыл» болду дегенинен улам айтып жатам. Биз Кудайбергенов экөөбүз СИЗОдо чогуу отурдук. Ал отурган күндөр мыйзамда ар бир күнү эки күнгө же андан көп убакытка эсептелип, кириптер болгон жазадан ал күндөр алынып салынды. Же жаза өтөө мөөнөтүнүн ичине киргизилди. Бирок соттор менин СИЗОдо отурган күндөрүмдү эсепке алышкан жок. Башкы прокуратура дагы менин өкүмгө чейинки отурган күндөрүмдү, так айтканда, «Химсинтез» боюнча шектелип, кармалып турган күндөрүмдү да эсепке алууну каалабай жатат. Тек гана, алар менин узакка отурушумду каалашат. Мыйзамда жазылганына карабай, мени бошоткулары келбейт. Дагы бир кайталап коеюн, ашыгы менен отурсам, отуруп чыгармын.

- Феликс мырза, бул күндөрү Аксыда өтүп жаткан 3-элдик курултайдан кабарыңыз бардыр. Бул курултай «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» кыймылынын демилгеси менен уюштурулуп жатат. Бирок ал кыймылга кирген партиялардын айрым өкүлдөрү курултайга катышпай тургандыктарын билдиришти. Мындай абалда элдик курултай өз максатына жетиши мүмкүнбү? Дегеле, бул жолку курултайды өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле? Эгерде сиз бул курултайга катышчу болсоңуз кандай маселелерге көнүл буруп, курултайдын ишине эмнелерди сунуш кылат элеңиз?

- 3-элдик курултайдын өтүп жатышы боюнча кабарым бар. Бул курултайды «Акаевге отставкага, эл үчүн реформа» кыймылы уюштуруп жатканын да билем. Бирок кандайдыр бир себептерден улам Кыргызстан элдик конгресси, кыймылга кирген партиялар, анын ичинде «Ар-Намыс» партиясы да курултайды уюштуруудан сыртта калыптыр.

Менин курултай боюнча позициям төмөндөгүчө. Оппозиция өзүнүн көз караштарын жана жалпы элдик пикирлерди айтып чыгыш үчүн, жаңыча демилгелерди көтөрүш үчүн ушундай курултайларды өткөрүү зарыл деп ойлойм. Ошондуктан, курултайга биздин партиянын катышуусу сөзсүз зарыл деп эсептейм. Оппозиция биригүүгө аракет жасап жатканын билебиз. Бирок биригүү мүмкүн болбой жатат. Ошентсе да, биринчиден, адам укуктарын сактоо, экинчиден, өлкөдө авторитардык режимге жол бербөө, үчүнчүдөн, кайсыл бир партиядан болобу же башка бир күчтөрдөн болобу – айтор, бийликке ким келсе да, бийликтен кеткендердин артынан сая түшүп, куугунтуктоону токтотуу өңдүү жалпыбыздын кызыкчылыктарыбызды бирдей камтыган маселелер бар. Бул баарыбыздын жалпы принцибибиз. Ал эми эл аралык уюмдар оппозицияны өч алуучу, куугунтуктоочу күч катары көрүп, чочулабашы керек. Биз ушул маселелерди курултайга сунуштамакчыбыз. Эгер курултай биздин ушундай принциптерибизди колдосо, анда бул - биздин кичинекей болсо да жеңиштерибиздин бири болуп калмакчы.


- Феликс мырза, элдик курултайдын Бишкекте эмес, Аксыда өтүшүн туура көрөсүзбү? Бишкекте өтпөгөнүнө эмне себеп деп ойлойсуз?

- 3-элдик курултайдын Аксыда өткөрүлүшүнө бирден бир себеп, бийлик курултайды Бишкекте же облустун борборлорунда өткөрүүгө уруксат берүүдөн корккондугу менен байланыштуу. Курултайдын Аксыда өтүп жатышы Аксы - кыргыз бийлиги күч колдонуудан корккон жападан жалгыз жер экендигин билдирет. Тилекке каршы, аксылыктар мындай жыйындарды өткөрүү артыкчылыгына өз уулдарынын каны аркылуу жетип отурушат.

- Феликс мырза, эл аралык укук коргоо уюмдары сизге адилет чечим болсун деген таризде кыргыз өкмөтүнө кайрылып, сиздей саясатчынын тагдырына тынчсызданганын билдирип жатышат. Айтайын дегеним, сиз абакка түшкөндөн бери эле, эл аралык уюмдар сизди жактагандыгын билдирип келатышат. Эл аралык уюмдардын кайрылуулары кандайдыр бир таасир берип, жыйынтык болушу мүмкүнбү?

- Мен эл аралык уюмдардын менин тагдырыма тынчсызданып, өкмөткө мага ачылган кылмыш ишинде саясый кызыкчылыктар бар экендигин эскертип, менин тагдырыма тынчсызданганы үчүн терең ыраазымын.

Эл аралык уюмдардын менин абалыма берген баалары президент Акаевдин менин соттолушум тууралуу 19-июлда өткөн «тегерек үстөлдө» «Куловдун абакта жатышы саясий кызыкчылыкка жатпайт» деген сөзүнө каршы келип турат. Бир нерсени белгилеп айткым келет, Кылмыш кодексинде саясый жазага тартуу боюнча бир дагы берене жок. Ушуну айрыкча белгилеп айткым келет.


- Айтмакчы, «Кыргызстанда оппозиция жок» деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Мындай сөздөрдүн айтылышына кандай жагдайлар себеп болууда дейсиз?

- Албетте, бизде оппозиция бар. Бирок, ал - башка өлкөлөрдөгүдөй каруу-күчкө толо элек. Бизде оппозиция жаңы гана өсүп келатат. Анан калса, «түндүк-түштүк» деген түшүнүк бар. Ал аз келгенсип, бийлик оппозициянын айрым өкүлдөрүн өз тарабына тартууга аракет жасап, оппозициялык кыймылдын оожалып кетүүсүнө тоскоолдук кылууда. Бирок, бул - убактылуу гана көрүнүштөр. Жыйынтыгында, коомдогу стабилдүүлүктү сактоого жөндөмдүү, кубаттуу оппозицияны өстүрүүгө жетишүүбүз керек. Ушул өңүттөн алганда, оппозиция учурда чоң роль ойноп жатат.
XS
SM
MD
LG