Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

ГАНСИ АВИАБАЗАСЫНЫН УЧАГЫ АБАДАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ТӨККӨНҮН КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КИЙИН УКТУ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Антитеррордук коалициянын аскерлери жайгашкан Ганси атындагы авиабазанын учагы 8-июлда абадан күйүүчү майды төгүүгө аргасыз болгон. Бул фактыны авиабаза да бышыктап, учак авариялык чукул кырдаалда май төгүүгө мажбур болгонун билдирди. Ошол эле убакта Кыргызстандын бийлиги мындай маалыматты өз убагында уккан эмес.

Ганси авиабазасынын өкүлү, капитан Элен Херетичтин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда май ташуучу жана башка учакка абадан май куючу KC-135 учагы 4500 метр бийиктикте, абадан күйүүчү май төгүүгө аргасыз болгон. Гансинин кызматкеринин айтымында, май куйуучу учак өзгөчө кырдаалга туш болгон жана кырсыктын алдын алуу максатында 35 тонна майды абадан төккөн. «Азаттыктын» кабарчысынын «авиабаза күйүүчү май кайсы жерге төгүлгөнүн жана ал кимдерге канча зыян алып келгенин тактоо иштерин жүргүздүбү?» деген суроосуна капитан Элен Херетич:

- Күйүүчү май 4500 метр бийиктикте төгүлгөн, мындай учурда ал жерге жетпей эле, абадан бууланып жок болуп кетет, - деген жообун айтты.

Бирок, Транспорт жана коммуникация министрлигинин адистери 4500 метр бийиктиктен төгүлгөн күйүүчү майдын абадан эле бууланып кетишине күмөн санаган пикирин айтышууда. Ал аз келгенсип, чет элдик учактарга көзөмөл салып туруучу кыргыз бийлигинин өкүлдөрү 8-июлдагы окуяны кийин гана үчүнчү тараптардан угушканын жашырышпайт. Аталган министрликтин авиация департаментинин аба майдандарын башкаруу жана сертификаттоо башкармалыгынын жетекчиси Георгий Сидников «күйүүчү майды абадан төгүү үчүн Ганси авиабазасынын жетекчилиги бизден уруксат суроого тийиш болчу» деген пикирде:

- Күйүүчү майды чукул кырдаалда абадан төгүү атайын белгиленген жерде жана атайын белгиленген бийиктикте жүргүзүлөт. Бирок, алар акыркы убактарда чукул кырдаалда күйүүчү май төгөбүз деп бизден уруксат сурашкан жок. Чукул кырдаалда абадан күйүүчү май төгүү 7000 метрден кем эмес бийиктикте жүргүзүлүүгө тийиш. Андай бийиктикте күйүүчү май булутка же чаңга айланып кетип, жерге жетпейт, - дейт Георгий Сидников.

Анын айтымында, абадан төгүлгөн күйүүчү майга кокусунан башка учак кабыла турган болсо өрт чыгып кетиши ыктымал эле. «Бирок, бул ирет кырсыктан Кудай сактаптыр. Ошондон улам, Гансинин учагы төгүп жиберген күйүүчү майдын кесепеттерине антитеррордук коалиция өзү жооп берүүгө милдеттүү болот» дейт Георгий Сидников.

Мыйзам боюнча эгер Гансинин мындай кадамдарынан бирөө-жарым зыян тарта турган болсо, анда андай адамдар же мекеме-уюмдар компенсация талап кылууга толук укуктуу. Бирок, Георгий Сидниковдун айтымында, күйүү май төгүлгөндөн кийин көп убакыт өткөрбөй булганган топурактын, абанын үлгүсүн алып, аны каттоого алып коюу зарыл. Ал эми 8-июлда болгон окуяны эми бир, бир жарым ай убакыт өткөндөн кийин далилдөө өтө оор.

Анын үстүнө, Ганси авиабазасынын учактары абадан күйүүчү майды биринчи ирет төгүп жатышкан жок. Өткөн жылы да «Манас» аба майданына жакын жайгашкан Аламүдүн районунун Виноградное, Ленин, Бирлик айылдарынын тургундары мөмө-жашылчалары, өзгөчө жүзүмдөрү таптакыр куурап кетип, түшүм бербей калганда, анын себебин Гансинин учактарынын каскагы катары баалашкан болчу. Чүйлүктөрдүн арызы менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия ал ирет жетиштүү далил топтой албай, авиабазага ырасмий кине коюлган эмес.

- Май төгүү боюнча ал убакта дилил табылган эмес,ошондон улам өкмөттүк комиссиянын ишинен да оңчулуктуу жыйынтык чыккан эмес, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Молдоташев. Айтмакчы, өткөн жылы чүйлүк дыйкандар Ишенбай Молдоташевге да Ганси авиабазасынын өкүлдөрүнүн үстүнөн арызданып келишкен.

«Ганси авиабазасынын быйыл күйүүчү май төккөнүн каттоого алып калуу мүмкүн болбой калды, анткени, көп убакыт өтүп кетти», - дейт Транспорт жана коммуникация министрлигинин жооптуу кызматкери Георгий Сидников:

- Күйүүчү май төгүлгөндөн кийин санэпидстанция дароо топуракты, өсүимдүктөрдү текшериши керек. Бул далил үчүн зарыл. Ал эми убакыт өткөндөн кийин ал абага аралашып, далилдөөгө кыйын болуп калат.

Айтмакчы, Гансинин учагы абадан май төгүп жибергени тууралуу маалыматты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экология мониторинги башкармалыгынын жетекчиси Турар Садыкбеков «Азаттыктын» кабарчысынан биринчи жолу укканын жашырган жок: «Биз мындай маалыматты биринчи жолу угуп отурабыз», - деди ал.

Ошентип, Ганси авиабазасы тийиштүү мыйзамдарды бузуп, күйүүчү майды абадан төгүп жибергени менен, бул жерде формалдуу түрдө жапа тарткан адамдар же мекеме, уюмдар жоктугунан антитерррордук коалиция эч бир айыпка жыгылбай калганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG