Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

ОСМОНАКУН ИБРАИМОВ: «КЫТАЙ ПАДЫШАСЫНЫН КЫРГЫЗ КАГАНЫНА ЖАЗГАН КАТТАРЫ ИЛИМИЙ ДҮЙНӨДӨ ЧОҢ СЕНСАЦИЯ»


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Ушул күндөрү белгиленип жаткан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылынын мааниси, анын эгемендикти чыңдоого тийгизчү таасири тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов «Азаттык» радиосуна маек куруп берди.

- Осмонакун мырза, Кыргыз мамлекеттиги жылын белгилөөгө Бириккен улуттар уюму өзүнүн ак батасын бергени белгилүү. Сиздин оюңузча, Бириккен улуттар уюмуна мындай чечим кабыл алууга эмне таасир берди? Анан Кыргыз мамлекеттүүлүгү жылын өткөрүүнүн максат, мааниси эмнеде болуш керек деп ойлойсуз?

- Быйылкы 2003-жыл биздин кыргыз эли үчүн, жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргыз мамлекети үчүн өтө маанилүү жыл болуп жатат. Себеби, Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы өзүнүн 57-сессиясында кыргыз мамлекеттиги жөнүндө маселени карап, «2003-жылды Кыргыз мамлекеттигинин жылы» деп жарыялаган. Чындыгын айтканда, бул – кыргыз эли үчүн өтө чоң аброй, өтө чоң кадыр-барк. Себеби, Бириккен улуттар уюмунда биздин Кыргызстанга окшогон жаш мамлекеттер боюнча мындай чечим кабыл алыш өтө кыйын. Ошого карабай, президент Аскар Акаевдин Бириккен улуттар уюмуна жазган каттары, анын бул уюмда сүйлөгөн сөзү, өзгөчө, биздин Кытай, Орусия, АКШ, Германия, Франция, Англия, Жапония сыяктуу дүйнөнүн улуу державалары менен болгон абдан жакшы катнашыбыз, мамилебиз Бириккен улуттар уюмунда ушундай биздин сунушту чечим катары кабыл алынышына оң таасирин тийгизди. Буюрса, ушул тапта дүйнөлүк деңгээлде кыргыз мамлекеттигинин жылын белгилеп жатабыз. Мамлекеттүүлүк жылы десе, жалаң эле тойлоп, майрам кылат экенбиз деген сөздөрдү айтып жатышат. Жок, андай эмес. Мамлекеттүүлүк жылы деген – ошол биздин мамлекетибизди кантип чыңдайбыз, биздин тарыхыбыз эски, тереңге кеткен тарых экен, 2200 жылдан кийин кайра мамлекет куруп жатыптырбыз, бул эгемен мамлекетибиздин туусун кантип бийик көтөрүп, мамлекетибиздин жерпайын кантип бекемдейбиз?! Мына ушул ар бир кыргызды ойлонто турган маселе. Мен ойлойм, мамлекеттүүлүк жылындагы эң башкы идеологиялык маселе мына ушул.

- Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өткөрүүдө мамлекеттүүлүккө 2200 жыл толду деп, датаны көрсөтүү айрымдар тарабынан сынга алынды. Ошондон улам Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын негиздөө үчүн, анын датасын аныктап, тактоо боюнча кандай иштер жасалууда?

- Кытай падышасынын кыргыз каганына жазган каттарынын он бирөө биздин колго тийди. Аларды которуп, гезиттерге бастык. Каттардын дагы алтоону күтүп атабыз. Каттар толук которулгандан кийин өзүнчө китеп кылып чыгарып, кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайынын катышуучуларына белек кылып беребиз. Дагы бир нерсени айта кетким келип турат. Кытайдагы биздин кыргыз туугандар жана кытайлык окумуштуулар чоң китепти чыгарууга даярданып, котормонун үстүндө эмгектенип жатышат. Анткени, Кытайдын жыл санактарында, тарыхый китептеринде кыргыздар тууралуу, кыргыз-кытай мамилелери тууралуу өтө көп документтер табылды. Буга президент Аскар Акаев акча бөлүп берген. Ал китеп которулуп бүтүп калса, жыл аягына чейин аны элге-журтка тартуулайлы деп жатабыз. Чындыгын айтыш керек, кытай императорунун кыргыз каганына жазган каты илимий дүйнөдө чоң сенсация. Бул каттан кийин «кыргыз эли кечээ жакындагы эле эл эмес беле» деп айткан биздин айрым журтташтарыбыз өз пикирлерин өзгөртөт го деп ойлойм.

- Осмонакун мырза, ушул күндөрү белгиленип жаткан иш-чаралардын эң маанилүүсү кайсылар деп эсептейсиз?

- Кыргыз мамлекетин дүйнөгө таанытууда анын илимий жагын далилдөө өтө чоң маселе. Ошондуктан, биз бул ишке айрыкча көңүл буруп жатабыз. Ага байланыштуу илимий конференция, жыйындар буга чейин өтүп келди, келечекте да көп өткөрөбүз. Алардын арасынан мен бирөөнү эле айтып өтөйүн, ал – Францияда дүйнөгө белгилүү Сорбонна университетинде өтө турган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналып 5-октябрда өтө турган жыйынтыктоочу илимий конференция. Ага Франциянын президенти Жак Ширак менен президент Аскар Акаевдин катышуусу, президент Аскар Акаевдин сөз сүйлөөсү күтүлүп жатат. Мындан тышкары, 30-октябрда Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстандын күнүн өткөрөлү деп жатабыз. Ал жерде биздей жаш мамлекеттин жылын өткөрүү сунушун колдоп бергени үчүн Кыргызстандын атынан, кыргыз элинин атынан президент Аскар Акаев Бириккен улуттар уюмуна чоң ыраазычылыгын билдирип, сөз сүйлөйт. Ал эми жакын арада күтүлүп жаткан иш-чаралардын ичинен мен кыргыздардын 2-дүйнөлүк курултайынын маанисин өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз үчүн эки ыйык нерсе бар экен, анын бири – тоолор, Алатообуз, экинчиси, Ысыккөлүбүз. Кыргыздардын дүйнөлүк 1-курултайын биз Алатоонун этегинде, Бишкек шаарында өткөргөн элек. Бул ирет, төлгө кылып Ысыккөлдүн жээгинде, Чолпоната шаарында өткөрүп алалы деп турабыз.
XS
SM
MD
LG