Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

ТЕЛЕФОН БАЙЛАНЫШЫНЫН ТАРИФТЕРИ ӨЗГӨРДҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек 15–июлдан тартып республика ичиндеги телефон байланыштарынын тарифи орто эсеп менен 30% жогорулады. Өкмөт кабыл алган тарифтик планга ылайык ал эмдиги жылы да көтөрүлөт.

15-июлдан тартып өлкө ичиндеги телефон байланыштарынын тарифи болжол менен 1-1,5 сомго жогорулады. Мисалы, буга чейин Бишкек шаары менен Чуй областында калк жашаган пункттардын ортосунда телефон сүйлөшүүлөрдүн мүнөтү 2 сом 85 тыйын болуп келсе, ал азыр 3 сом 72 тыйын болуп калды. Ал эми Бишкектин Чүйдөн башка областтар менен байланышы мурда 3 сом 98 тыйын турса, 15-июлдан кийин ал 5 сом 20 тыйынга чейин көтөрүлдү. Кыргызстанда бул байланыштарды жалгыз «Кыргызтелеком» акционердик коому ишке ашырат. «Кыргызтелекомдун» ээси эсептелген Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети анын себебин мындайча түшүндүрөт.

- Бизде буга чейин ички байланыштардын тарифи төмөн болуп, ал эл аралык жана шаар аралык байланыштардын жогору коюлган тарифтеринин эсебинен жабылып келген. Өкмөт бекиткен план боюнча, тарифтерди этап-этабы менен теңештирүү жана 2006-жылы ички тарифтерди болбой калды эле дегенде өздүк наркка жеткирүү белгиленген, - деди Мамлекеттик мулктү башкаруу комтитетинин төрага орунбасары Александр Макаров.

Анын айтымында 2004-жылы тариф дагы 30% жогорлайт. 2005-жана 2006-жылдары тарифтер көтөрүлбөйт. Ички тарифтердин көтөрүлүүсү менен бирге эл аралык жана шаар аралык тарифтер төмөндөтүлөт. Бу жолу жакынкы чет өлкөлөр менен байланыш тарифтери төмөндөтүлгөн жок. Алыскы өлкөлөр менен байланыштардын тарифтери болсо орто эсеп менен 10% азайтылды. «Кыргызтелеком» алыскы өлкөлөрдү Прибалтика, Түркия, Европа жана башка алыскы өлкөлөр деп 4кө бөлүп, 4 түрдүү тариф бекитет. Мисалы АКШнын борбору Вашингтон менен байланыштын 1 мүнөтү буга чейин 126 сом 71 тыйын болуп келсе, 15-июлдан тартып 106 сом 02 тыйын болуп калды.Чет өлкөлөр менен байланыштардын тарифи доллар менен коюлуп, кызмат акы доллардын ошол айдагы курсу менен сом түрүндө жыйналат.

- Өкмөт тарабынан калктын чабал катмарларын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чаралар каралган. Бүл үчүн Турукташтыруу фонду түзүлөт. Электр байланышы боюшча иш жүргүзгөн операторлордун бардыгы бул фондго акча которуп, андан калктын чабал катмарларын социалдык жактан коргоого акча берилип турат, - деди Александр Макаров.

Азырынча бул иш-чаралар сөз жүзүндө гана. Аталган фонд түзүлө элек. Анын түзүлүшүнө «Кыргызтелекомдон» башка байланыш жаатында иш жүргүзгөн операторлор каршы чыгып жатышат. Анткени бул фондго алар өз кирешелеринин 3% которуп берүүсү керек. Операторлор муну кошумча салык деп эсептешип, аны түзбөөнү сурап өлкө башчы Аскар Акаевге кат жолдошкон. Анын үстүнө, алардын айтымында, фонддун долбоорун иштеп чыккан транспорт жана коммуникация министрлиги ал акчаларды башка максаттарга, тактап айтканда, өкмөттүк байланышты жана мамлекеттик телевидениени кармап турууга пайдаланганы жатыптыр.

Тарифтерди быйыл 30%, эмдиги жылы дагы ошончо көтөрүү бул өкмөттүн өзүнүн гана планы. Эгерде «Кыргызтелеком» менчиктештирилсе, анын жаңы ээсинин ою менен да эсептешүүгө туура келет. Менчиктештирүү боюнча жарыяланган тендердин биринчи турунда жеңип чыккан «Шведтел» компаниясы өкмөттүн тарифтик планы өтө эле төмөн экендигин айтып жатат.

- Алар да туура айтып жатышат. Бүт дүйнө жүзүндө орточо эсеп менен ар бир үй-бүлө тапкан кирешенин 5% жакыны байланыш кызматтарына кетет. Эми биз ал деңгээлге жете элекпиз. Алар биздин шартты жакшы билишпейт да. Экинчиден, алар бизге 140 млн доллар алып келебиз деп жатышат. Алар бизге белек кылып жатышкан жок да. Алар аны актап, бир пайда таап алайын деп жатышат, - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башкармалыгынын жетекчиси Сүйөркул Бакиров.

Тендердин экинчи турунда өкмөт «Шведтел» менен тарифтик планды макулдашууга тийиш болчу. Анын жыйынтыгы чыкпай жатканына караганда, сүйлөшүүлөр оор болуп жаткан сыяктуу.

XS
SM
MD
LG