Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Таласта «Кател» станциясы ишке киришти


ТАЛАС. 23-август күнү Таласта «Кател» телефон байланышынын 100 абонентке ылайык станциясы иштей баштады. «Кател» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын кызматкери Дмитрий Ноухатскийдин билдиргенине караганда, станциянын алгачкы кубаттуулугу диаметри 40 чакырым келген аймактагы чөнтөк телефону бар адамдарды байланыштыра алат. Кардарлардын саны 100 кишиден ашып станция өзүн өзү актай баштагандан кийин экинчи станцияны ачууга мүмкүндүк болот. Азырынча «Кателдин» абоненттерин байланыштыруу телекомдун арендага берилген 5 каналы аркылуу жүрүүдө. Калктын жашоо деңгээли төмөн болгондуктан, тейлөө убактысы кымбат болуп 100 номерге кардарлар аз чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG