Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

ЕвразЭС уюмунун келээрки 3 жылдык программасы талкууланды


БИШКЕК. Жума күнү Алматы шаарында өткөн Евразия кызматташтык уюмунун аткаруу комитетинин 13-отурумунда уюмдун 2003-2006-жылдарга эсептелген кызматташуу программасы талкууланды. Жыйында келээрки үч жыл ичинде ЕвразЭСтин алкагында макулдашылган экономикалык саясатын жүргүзүү, тышкы соода, тышкы саясат, чекара, миграция, бирдиктүү бажы кызматтарын түзүү багыттарында жүргүзүлө турган иш-чаралар белгиленди. Биргелешкен энергетикалык базарды калыптандыруу, уюмга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук союзун түзүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алмашуулар болду. 22-августта уюмдун өкмөттөр аралык жумушчу тобунун жыйыны болуп, анда ЕвразЭСтин өкмөт башчыларынын кезектеги жолугушуусунда карала турган маселелер талкууланды. Евразия кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны сентябрь айынын биринчи жарымында Москвада өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG