Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Орусиянын медиамагнаты Владимир Гусинский Афиныда камакка алынды


АФИНА. Орусиялык бизнесмен Владимир Гусинский Афиныда Интерпол тарабынан камакка алынды. Афиныга Тель-Авивден учуп келген Гусинский Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан "250 миллион долларды алдамчылык жол менен кытып алган" деп айыпталууда. Гусинский Орусиянын "НТВ" телекомпаниясынын мурдагы ээси. Ал жетектеген телеканал Орусиянын президенти Путинди жана Орусиянын Чеченстандагы согушун кескин сындап келген.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG