Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Пакистандын жээктеги кароолу 240 килограмм алып бараткан аткезчини кармады


КАРАЧИ. Пакистандын жээктеги кароолу кара жол менен бараткан машинеден 240 килограмм нашаа жана бир килограмм героин табылганын маалымдады. Окуя өлкөнүн түштүк батышындагы кылаа чөлкөмдө, Карачиден 100 чакырымдай жерде болгон. Машиненин айдоочусу дароо камакка алынды. Пакистандын мамлекеттик "Ассошэйтед Пакистан" кабар агенттигинин маалымдашынча, соңку бир нече айдын ичинде Пакистан жашыруун ташылып бараткан наркозатттын ири көлөмүн колго түшүргөн. Алардын бир бөлүгү Ооганстан менен чектеш чөлкөмдөрдөн кармалган. Расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандан аткезчилик жолу менен ташылып келген маң заттары Пакистандан деңиз жолдору аркылуу Европага жана Жакынкы Чыгышка ташылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG