Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

Кытай алдыдагы сүйлөшүүлөр Түндүк Корея кризисин жөнгө салаарына үмүттөнөт


БЕЙЖИН. Кытайдын пикиринде, Түндүк Корея маселеси боюнча 27-августта баштала турган алты тараптуу сүйлөшүүлөр Пхеньяндын ядролук программасынын айланасындагы жаңжалды жөнгө салууга жакшы мүмкүндүк берет. Бул жөнүндө Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чао Син АКШнын мамкатчысы Колин Пауэл жана Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен телефон аркылуу болгон сүйлөшүүлөрүндө билдирди. Кытайдын министри ошондой эле Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Чо Джиң Чу менен жолугуп сүйлөшкөндүгү кабарланат. Сүйлөшүүлөр Бейжинде Түштүк жана Түндүк Кореялар, Кытай, АКШ, Орусия жана Жапониянын катышуусу менен болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG