Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33
БАГДАД. Кечээ түркмөндөр менен күрттөрдүн өз ара кагылышууларына кийлигишкен АКШ аскерлери эки түркмөндү өлтүрүп алышты. АКШнын аскердик өкүлүнүн маалымдашынча, түркмөндөрдүн Туз Хурмату деген шаарчада болгон демонстрациясы учурунда америкалык аскерлерге ок ачылган. Буга аскерлер жооп иретинде ок ачышып, эки түркмөндү өлтүрүп, экөөнү жарадар кылышкан. АКШ аскерлеринин дагы бир өкүлүнүн айтымында, улуттар аралык араздашуу түркмөндөрдүн жакында калыбына келтирилген ыйык зыярат жайын бирөөлөр талкалап кеткенинен башталган. Түркиянын "Анадолу" кабар агенттигинин айтымында, бүгүн "Күртттөрдүн атуулдук биримдиги" деген топтун согушкерлери дагы эки түркмөндү атып өлтүрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG