Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Орусия Ирактагы эл аралык күчтөрдү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкууга койот


МОСКВА. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Орусия Ирактагы эл аралык күчтөрдү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкууга койууга ниеттүү экенин билдирди. Бирок ал андай күчтөрдү кеңейтүү жөнүндөгү сунуштарда Улуттар уюмунун ролун жогорулатуу камтылышы керек экенин белгиледи. Юрий Федотов азырынча конкреттүү сунуштар жок экенин, бирок Орусия Ирактын эгемендигин калыбына келтирүүдө координацияланган аракеттерди караштырып жатканын кошумчалады. АКШнын жетекчилиги Улуттар уюмунун Багдаддагы кеңсеси жардырылгандан кийин Иракка кошумча аскер жиберүүгө ниеттүү экенин билдирет. Ошону менен бирге Вашингтон аскерлерге жетекчилик кылуу ролун башка өлкөлөргө бербей турганын кошумчалайт. Ал Эми Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан кечээ жасаган билдирүүсүндө АКШ Улуттар уюмунун ролун жогорулатууга макул болмойунча, аскерлерди көбөйтүү татаал боло тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG