Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

БАРРИ МАЙЕРС: «ПРОГРАММАДА ЖЕЛИМ ОК ЖАНА СУУ ЧАЧКЫЧ КУРАЛ БЕРҮҮ КАРАЛГАН ЭМЕС»


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо көмөктөшүү программасын аткарууга өкмөттүк уюмдарга катар кандай бейөкмөттүк уюмдар тартылат? Реформалоо боюнча мамлекеттик комиссияга жана ЕККУнун аткомунда иштөөчү бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү кандайча тандалат. Бул жана башка маселелер боюнча ЕККУнун адам ресурстары боюнча директорунун кеңешчиси Барри Майерс ой бөлүшөт.

- Урматтуу Майерс мырза, буга чейинки таратылган маалыматтарга караганда, Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоого колдоо көрсөтүү программасын Бишкекте эки орган - мамлекеттик комиссия менен ЕККУнун Бишкек кеңсесинде түзүлгөн аткаруу комитети ишке ашыра турган болду. Бул уюмдарга башкалардын катарында бейөкмөт уюмдардан да төрт өкүл мүчө болот экен. Алар кандай жол менен тандалып алынат? Бизде жүздөгөн бейөкмөт уюмдар бар эмеспи?

- Эки органда экиден өкүлдүн болушуна биз өзүбүз кызыкдарбыз. Ошону менен бирге биз ал өкүлдөрдүн ички иштер органдарына, алардын ишинин жакшырышына кызыкдар болушун каалайбыз. Биз экиден өкүлдү эки органга кошуу маселесин сунуштаганга чейин эле бул жерде бейөкмөт уюмдардын көп экендигин, ушуга байланыштуу аларды тандоо проблема болорун билгенбиз. Бейөкмөт уюмдардын кеңеш берүүчү тобун түзүү сунушу да ушундан келип чыккан. Жогорку деңгээлдеги макулдашууга ылайык көзөмөлдөөчү төрт өкүлдү бейөкмөт уюмдар өздөрү тандап алышат.

Акыркы он күн аралыгында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер менен кенен-кесири жолугушуп, анда ар кыл көз караштагы 20 чамалаш бейөкмөт уюмдун консультативдик тобун түзүү идеясын көтөрдүк. Реформалоо боюнча мамлекеттик комиссияга жана аткаруу комитетине төрт өкүлүн ошол уюмдар тандашат. Алиги биз түзүүнү каалаган консультативдик топ коомчулук менен аталган эки органды байланыштыруучу тармак катары кызмат кылат. Проблема бул төрт адамды тандап алышта эле эмес, алардын калктын кеңири чөйрөсүнө маалымат жеткиришинде дагы. Биз ар кандай имиштерди четке кагыш үчүн иштин жоопкерчиликтүү, маалыматтын коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болушун каалайбыз. Жалалабадда, Ошто жана Бишкекте жолугушуулардын учурунда бир катар бейөкмөт уюмдардын программаны ишке ашырчу эки органдын жана консультативдик топтун ишине катышууга ынтызарлыгын билдиришти. Бул мага жакшы таасир калтырды.


- Кыргызстанда бийликке ыктаган жана аны сындаган бейөкмөт уюмдар калыптанды деген пикирлер айтылат. Сиздин оюңузча, бейөкмөт уюмдардын табияты мындай өнүгүүгө жол береби?

- Мен бейөкмөт уюмдарды радикалдуу, радикалдуу эмес топторго бөлбөйм. Аларды ар кыл көз караштагы уюмдар катары карайм. Демократиялык коомдо адамдар эң ар кыл көз карашта болууга жана аны бейкут жагдайда билдирүүгө укуктуу.

- Урматтуу Майерс мырза, өлкөдөгү алымдуу айрым бейөкмөт уюмдар программаны толук колдошкон жери жок. Айрыкча сегиз долбоордун алтынчысына каршы чыгышууда. Алардын пикиринче, адам укугу бузулуп жатат. ЕККУнун программасына жамынып, жергиликтүү милиция нааразылык акциясына чыккандарга каршы күч колдонушу ыктымал деп санашат. Мындай көз караштар сизди канчалык ынандырды?

- Мен чынында алардын аргументи менен толук таанышкан жокмун. Программа демонстрацияларды кууп таркатыш үчүн Кыргызстанга суу чачкыч куралдарды жана желим окторду алып келет экен дегенди гезиттерден билдим. Иш жүзүндө андай болбойт. Программада бул каралган эмес. Бирок, мен алардын көз караштарын сыйлайм. Мүмкүнчүлүгүмдүн, убакыттын жетишинче алар же башка уюмдар менен программанын айланасында сүйлөшүүгө даярмын.

Акыркы он күн ичинде бейөкмөт уюмдардын көптөгөн өкүлдөрү менен жолугуштук. Мени айрыкча бир жолугушуудагы конструктивдүү диалог таң калтырды. Айрым маселелер боюнча өтө катуу сын пикирлер айтылганы менен ал оңдуу аяктады. Ырас, бейөкмөт уюмдардын башка бир тобу менен дагы бир жолугушуу болду. Бул топ аларды кооптонтуп жаткан маселелер тууралу кенен-кесири айтып берүүгө мага мүмкүндүк беришкен жок. Мага жакканы – ошол эле жолугушууга катышкан башка бир өкүлдөр программага кызыккандыгын билдиришип, кеңсеге келип, айрым өңүттөрдү тактоону каалашты.


- Урматтуу Майерс мырза, программанын айрым жагдайларын колдобогон бейөкмөт уюмдардын пикирлери сиз Венага барганда талкууланабы? Деги эле Венадагы катчылыкта сиздин сапарыңыздын жыйынтыгы боюнча кандай жагдайларга басым жасалат?

- Менин бул жерге келиштеги максаттарымдын бири ЕККУ программасынын айланасында мүмкүн болушунча көп адамдар менен пикир алышуу болчу. Албетте, ЕККУ ички иштер тармагын колдоо программасынын максатын так, терең түшүнмөйүнчө ишке киргизүүнү каалабайт. Бул программага байланышкан «Өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюлган. Анын негизинде программа эми менеджер Жосалин Локурдун жетекчилиги менен ишке кирди. Мен Венадагы катчылыкка, анын ичинде ага кеңешчи Ричард Монкко ар кыл көз караштарды билдирген көптөгөн жолугушуулар тууралуу толук айтып берем. Монк туура эмес маалыматтын айынан аталган кеңири программанын жабыркашын каалабайт. Менимче, программа ийгиликтүү болот жана бул өлкөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

-Кандай мүмкүнчүлүктөр болушу ыктымал?

- Бул программа ЕККУга мүчө Кыргызстандан башка дагы 54 өлкөнүн колдоосуна ээ. Менимче программанын ийгилиги - 54 өлкөгө Кыргызстанга андан ары жардам берүү жагын караштыруу жагдайын түзгөндүгүндө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG