Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Кургак учукка каршы иш-чаралар башталды


ТАЛАС. 24-август. Курган учук дартын алдын-ала аныктоо жана ооруга чалдыккандарды сакайтуунун быйылкы жылдын 7 айындагы абалы Таласта өткөн жылдын деңгээлинен айырмаланбайт. Учукка каршы күрөшүүчү облустук диспансерден алынган маалымат боюнча, Талас облусунда 100 миң адамдын санына алганда алардын 76сы кургак учук дартына чалдыккандар. Облустагы учук ооруканаларынын материалдык-техникалык абалдары ооругандарды натыйжалуу дарылоого мүмкүндүк бербейт. Күчөтүлгөн тартиптеги түрмөлөрдөн Маймактагы колонияга которулуп келгендердин арасында учукту таратуучулар арбын. Германиядан грант түрүндө берилип жаткан дары-дармектер гана абалды көзөмөлдө кармап турууга шарт түзүүдө.

Алатоо кабарларын Бишкектен Азиза Турдуева даярдады.
Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG