Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05
БИШКЕК. 24-август. «Өлкөдөгү экономикалык абал жакшы. Акыркы мезгилдеги жаан-чачынга карабастан, айыл чарба иштери жүргүзүлүүдө. Кыймыл өкмөт отставкага кетсин десе эле, өкмөт отставкага кетип калбайт. Ага эч кандай негиз жок», - деп билдирди вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Аксыда өткөн 3-элдик курултайдын жыйынтык документи тууралуу пикирин билдирип. Аксы курултайынын резолюциясында өлкөдөгү азыркы экономикалык абалга президент А.Акаев күнөөлүү, өкмөт эл үчүн реформаларды жүргүзүүгө жөндөмсүз, деп белгиленген. Кыргызстан демокраптиялык кыймылы партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев: «Азыр эң опуртал маселе - элдин бийликке ишениминин жоктугунда, бийлик коррупцияга кирип кеткендигинде. Азыр калктын негизги бөлүгү Акаевдер бийликтен кеткенде гана өлкө оңолот деп эсептейт. Азыркы бийлик отставкага кетпесе, опурталдуу кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн», - деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG