Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Кыргызстандын түндүгүндө «Хизб-ут тахрир» партиясы күч алууда


БИШКЕК. 24-август. Кыргызстанда акыркы 6 айдын ичинде «Хизбут-тахрир» партиясынын 18 активисти ички иштер органдары тарабынан кармалды. Алардын ичинен 10 адамга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. Коопсуздук кызматынан маалымдашкандай, учурда Кыргызстандын Кылмыш кодексиндеги диний экстремизм тууралуу беренеге кошумча, толуктоолор киргизүү аракети жасалууда. Соңку айларда «Хизбут-тахрир» партиясынын баракчаларын таратуу фактылары республиканын түндүк аймактарында - Чүй, Талас, Ысыккөл облустарынан көп кездешүүдө. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда болжол менен 2 миңге жакын адам «Хизбут-тахрир» партиясына мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG