Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Жардырууга Пол Бремер өз баасын берди


АКШнын Ирактагы граждандык администрациясынын башчысы Пол Бремердин айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине жасалган чабуул террорчуларга каршы согушта жаңы фронт пайда болгонун билдирет.

“Чабуулдун уюштуруучулары жөнүндөгү маалыматтар өтө аз. Бирок, жакын арада Иракка 100гө жакын чет элдик согушчандар жашыруун келишкен”, - деди Бремер кечээ күнү Улуттар Уюмунун элчиси Сержио Виера де Меллону акыркы сапарга узатуу аземинде.
Жана ал Ирактын мурдакы режимин калыбына келтирүү аракети ишке ашпайт деп эскертти:

- БААСчылар кайра келет дегендердин үмүтү таш кабат жана тирандыктын кандайдыр жаңы формасын орнотууну көздөгөндөрдүн максаты ишке ашпайт. Алар билким бир же он операцияны ийгиликтүү өткөрүшү мүмкүн, бирок максатына жетишпейт.

АКШ президенти Жорж Буш ар ишемби сайын жасачу радиокайрылуусунда “терроризмге каршы согуш - бардык адам өлтүргүчтөр сот жообуна тартылмайынча – улантыла берет” деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG