Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

ЖАПОНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИН ЧЕХИЯГА РОБОТ КОШТОП КЕЛДИ


Бүбүкан Досалиева, Прага Өткөн жумада Жапониянын премьер-министри Коидзуми Дзюнитиро Чехияда расмий визит менен болду. Аны бул сапарда Асимо аттуу робот коштоп келип, Чехиянын премьер-министри Владимир Шпидла берген кечки сый тамак маалында тост айтып, шампан ичти.

Космоско учкан астронавттарга окшош кийим кийген, бою бир метрдей робот кадимки кишидей басат, кол берип саламдашып, үн чыгарып, айрым сөздөрдү таптап сүйлөй алат. Ал Жапониянын өкмөт башчысы Коидзуми Дзюнитирону коштоп, Чехияга келгенде, чех тилинде сүйлөп, өзүн төмөнкүчө тааныштырды:

- Менин атым Асимо. Мен премьер-министр Коидзуми менен бирге Чехия республикасына, робот деген сөздү биринчи жолу колдонууга киргизген мамлекетке келдим.

Робот Асимонун бул сөзүнүн чындыгы бар. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Чехиянын атактуу жазуучу-драматургу Карел Чапек биринчи жолу робот деген сөздү таап, аны “Акылдуу универсал роботтор” деген спектаклинде жазган. Робот деген сөз славянча работа, кыргызча айтканда иштөө деген сөздүн уңгусунан алынган. Мына ошондон тарта адамдын жашоосун жеңилдетүү багытында жасалган техникалык жардамчылар робот деген атты алган.

Ал эми Чехияга Жапониянын өкмөт башчысын коштоп келген роботко Асимо деген ат “Мобилизациядагы инновацияда өзүн таанытуу кадамы” деген түшүнүктү билдирген сөздөрдүн баш тамгаларынан куралып, ыйгарылган. Ал роботтордун түрүн жасоо жагынан алдына эч кимди чыгара элек жапондордун азыркы техникалык жетишкендигинин күзгүсү катары таң калтыруу үчүн алынып келинип, Прагадагы музейге белекке берилди. Робот Чехиянын премьер-министри Владимир Шпидланын жапониялык коллегасы үчүн берген кечки сый тамагына катышып, сөз сүйлөдү:

- Кутмандуу кечиңиз менен, премьер-министр Шпидла. Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Мен роботмун, жакшы элчимин, - деди робот Асимо.

Адам баласы роботту өзүнүн ишин жеңилдетүү үчүн жасайт. Алар адамдын саламаттыгына зыян келтирген жайларда, өтө татаал хирургиялык операцияларды жасоодо, картаң жана майып адамдарга жардамчы иретинде жана космостук иликтөөлөрдө колдонулуп жүрөт. Ал тургай британдык окумуштуулар жылан сындуу роботторду жасашып, аларды чалгындоо иштеринде колдонуу аракеттерин көрүп жатышат. Эгер алар чалгындоо учурунда байкалып калса, өзүлөрүн өздөрү жок кылып жиберүүгө да жөндөмдүү.

Ал эми көп роботтор үй ичиндеги күндө кайталанып туруучу иштерди жасоо үчүн колдонулат. Роботтор боюнча германиялык эксперт Хелде Райттердин айтымында, бирок, татаал операцияларга колдонуучу роботторду үйдөгү иштерди жасатууга көндүрүү көп эмгекти талап кылат:

- Мээге операция жасоо абдан татаал жана кыйын. Мындай операцияга катышкан роботтун милдети, маселен, мээнин өтө ичке тамырынын жараксыз бөлүгүн кесип, ордуна кайра башкасын жамоо. Бул абдан кылдаттык менен тактыкты талап кылат жана робот ал ишти так жасай алат. Ал эми үйдө болсо буюм-теримдер ар кайсы жерде чачылып калышы мүмкүн. Робот аны жыйнап коёру менен балдар же үйгө үйүр алдырылган жаныбарлар аларды туш келди ыргытып, кайра чачышы мүмкүн. Мына аларды кайра ордуна коюп жыйнатуу үчүн роботтун эске тутуусуна көп өзгөртүү киргизүү талап кылынат, - дейт роботтордун эксперти.

Жапониянын роботторду жасоо жагынан мыкты технологияга жетишкен инженерлери киши сыяктуу гана эмес, жан-жаныбар же башка буюм сыяктуу улам бир жаңы роботторду жасап жатышат. Маселен, өткөн жылы өткөрүлгөн “Жапония: келечектин алдында” аттуу көргөзмөгө тюлень сындуу Паро аттуу робот коюлду. Ак жүндүү тюленди сылаганда анын денесинен жылуулук чыгып, сылаган адамга жагымдуу маанай тартуулайт. Себеби, анын милдети иштен чарчап келген кожоюндарын жана алардын балдарын алаксытуу. Ал эми “Сони” фирмасы кадимки короочу иттин милдетин аткаруучу үрөнөөк роботторду чыгарып, сата баштады. “Тойота” фирмасы болсо айдоочусу жок жүрө турган машина чыгарды. Машинага коюлган “Монет” аттуу система музыка угуп же электрондук почтасы менен кат алышып бараткан кожоюнуна жүрүп бараткан жол, аба ырайы тууралуу маалыматтарды берип, жол аңгыл-дөңгүл болсо өзү токтоп кала алат. Арткы дөңгөлөк жагына коюлган камера болсо машинанын артында эмне болуп жаткандыгынын баарын ээсине көрсөтүп турат.

Ошентип, “робот” деген сөздү чехтер чыгарса, жапондор роботтун өзүн чыгарып, прагалыктарга дилгирликтин жана ойлоп тапкычтыктын жаңы чакырыгын таштады.

Коидзуми Прагада визит менен алгачкы жолу болду. Муну менен ал Европа Биримдигине жаңы мүчө болчу мамлекеттерде Жапониянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылды. Жапония Чехия үчүн үчүнчү ири инвестор катары маанилүү.
XS
SM
MD
LG