Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

МЕДИА КЕҢЕШ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КЕРЕК


Журналисттер арасында Медиа кеңеш тууралуу бирдиктүү пикир жок. Медиа кеңеш долбоорун босогодон ары түртө салып, аны Акүйдүн маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөп туруу аракети катары сыпаттагандар деле толтура. Антсе да, журналисттердин демилгесинен жаралып жаткан жаңы уюмга үмүт артып, алардын кесиптик проблемаларын кеңешип чечүү аракетин колдогондор деле биртоп. 25-августта Медиа кеңеш түзүү демилге тобунун кезектеги жыйынында жаңы уюмдун жобосу талкууланды, алдыда жасалчу иштер аныкталды.

Журналисттердин Медиа кеңеши ириде кесиптик проблемаларды чечүүнү көздөгөн коомдук уюм болмокчу. Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев республикадагы маалымдоо каражаттарынын таасирдүүлүгү төмөндөп баратканына токтолсо, «Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Вилор Акчурин айрым басылмалардын баркын бийлик өкүлдөрү өздөрү түшүрүп, саясий заказ жыттанган материалдарды жашырын ат менен жарыялатып, жаманаттысы гезитке каларын айтты. Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын пресс-кызматынын жетекчиси Ольга Гребенникова ушу тапта Монголияда түстүү гезит чыгарууга жарамдуу төрт басмакана иштеп жатканын, анын баары донорлордун көмөгү аркасында курулганын, эларалык уюмдар Медиа-кеңеш менен кызматташууга куштар экенин маалым кылды. Медиа кеңештин жобосунда маалымдоо каражаттарынын ээлери сөз эркиндигине тоскоол көрсөтүүгө акысы жоктугу, пикирлердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Белгилүү журналист Кадыр Өмүркулов Медиа кеңешти түзүүнүн убакты-сааты келип жетти деп эсептейт:

- Кеңеш деген сөздүн мааниси айтып турбайбы, акылдашып-кеңешип иш кылуу. Мурунку структуралар цензура сыяктуу түзүлүп калган. Бүгүнкү уюшулуп аткан кеңеш журналисттердин демилгеси менен чыкты. Профессионалдар чогулуп, ишти төмөнтөн башташты. Редакциялардан келген кесиптештер ишибизге байланыштуу проблемаларды биригип талкуулоо максатында кеңеш түзүп жатышат. Анан да биз фонд түзгөнү жатабыз. Ага демөөрчүлөрдү, эларалык уюмдарды тартып, фондду каржылоо маселесин талкуулап, бир пикирге келдик.

«Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева да Медиа кеңештин түзүлүшүн колдойт:

- Мен түзүлүп аткан Медиа кеңешке каршы эмесмин. Бирок биз жаңы уюм кандай болорун билбей атабыз. Себеп дегенде, журналисттер союзу жок, иштебей калган. Журналисттерди уюштурган, бириктирген, башын кошкон уюм жок болуп атат. Ошондуктан Медиа кеңеш ишенимдүү уюм болуп кетер, деген тилек бар. Бирок, азырынча анын кандай болушун айтыш кыйын.

Улуттук телерадиокорпорациянын саясий баяндамачысы Бердибай Саматов жаңы кеңеш мезгил талабына ылайык түзүлүүдө деген пикирде:

- Бүгүнкү турмушубуз кечээгиге караганда кыйла өзгөчөлөнүп турат. Көз караштар өзгөрөт. Мурунку эски калыптагы бирин-бири сынап, бирин-бири жамандап, сын көз менен карап турган нерселер бара-бара азайыш керек. Тетири, карама-каршы көз караштар дале болот. Ага айла жок – турмуш. Бир нерсени көңүлгө түйүп койгон оң. Медиа кеңеш – бул коомдук кеңеш. Анын мамлекеттик структураларга укуктук жагынан таасир көрсөтүшү кыйын. Бирок, жалпы элдик коомдук пикир жаратуу жагынан таасирдүүлүгү бар, деп ойлойм.

Ансыз деле катары суйдаң кыргыз журналистикасынын ичара ынтымагынын жоктугу, кесиптик тилектештиктен алыс жашаганы, саясий-экономикалык кызыкчылыктардын айынан бири-бири менен ит-мышык мамиледе болуп келишкени жалпыга дайын. Анын үстүнө кийинки жылдары эркин басылмаларды сот колу менен ооздуктоо, аларга олчойгон айыппулдарды салуу тенденциясы оожалып, анын натыйжасында аптасына бир-эки жолу чыкчу басылмалардын көбү коомдук турмуштун курч жактарын ачык чагылдыруудан тайсалдап, жыйынтыгында калктын маалымдоо каражаттарына ишеними жоголуп баратат. Медиа кеңештин түзүлүшү алдагыдай проблемаларды чогуу-чаран чечүүгө азыноолок өбөлгө түзүп бермекчи.
XS
SM
MD
LG