Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

Гусинский камакта кала берет


Грекиянын соту Орусиянын НТВ телеканалынын мурунку ээси, белгилүү олигархтардын бири Владимир Гусинскийди камакта кармоону улантуу чечимин кабыл алды. Гусинский Афинага Израилден учуп келгенде орус тараптын талабы менен кармалган. Ага Орусиянын башкы прокуратурасы 250 млн долларды көз боемочулук менен уурдап алган деген айып коюуда. Гусинкий, аны Орусияга экстрадициялоо маселеси чечилгенге чейин 45 күн бою камакта кала берет. 2000 – жылы Гусинский Испанияда Орусиянын талабы менен кармалган, бирок сот аны боштондукка чыгарып жиберген.

Айданбек Акмат уулу, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG