Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:46

Сергей Шойгу тик учманын кыйроосу тууралуу маалымат таратты


Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Сахалин облусунун губернатору Игорь Фархудтинов баш болгон 20 киши түшкөн “Ми-8” тик учмасынын кырсыкка учуроосу анын куйрук жагынан башталган. Кырсыкка учуроо алдында учкуч негедир тик учманы кескин жогорулатууга аракет кылган, анын натыйжасында айланып турган баралар куйрук жактагы балканы талкалап кеткен. Кырсыктын себеби иликтенүүдө. “Ми-8” 20-августа Петропавловск-Камчатчатскыдан 119 чакырым түштүк-чыгышта кырсыкка учурап, андагы губернатор баш болгон жүргүнчүлөр каза болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG