Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Ооганстанда 80 адам кармалды


Ооганстандын түштүгүндөгү Пактика провинциясында АКШнын 600дөй жана Ооган куралдуу күчтөрү талиптерге тиешелүү адамдарды үймө-үй кирип издөөдө. Беш күндөн бери уланып жаткан мындай иш-чаранын жүрүшүндө 80ден ашуун шектүү киши кармалды. Пактикага коңшулаш Забул провинциясындагы Дай Чупан айылын өкмөттүк күчтөр кайтарууга алууда. Өткөн ишембиде талибан күчтөрүнүн чабуулунан бул жерде беш өкмөттүк аскер набыт болгон. Ооган өкмөтү апийим өстүрүүдөн баш тарткан дыйкандарга акча төлөп берүүнү токтотконун бүгүн жарыялады. Мындай чечим ооган президенти Хамид Карзай менен Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттарына көзөмөл жүргүзү жана кылмыштуулук боюнча кенсесинин башчысы Антонио Мариа Костанын жекшембидеги жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Ооган өкмөтүнүн басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, дыйкандарга компенсация төлөп берүү натыйжа алып келген жок, анткени андан өлкөдө апийим өстүрүү кыскарбады.

XS
SM
MD
LG