Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Иракта Америка аскерлерине жаңы кол салуу болду


Ирактагы эд-Фалужа шаарында бүгүн aмерикалык аскерлерге жаңы кол салуу болуп, андан үч жоокер жарадар болду. АКШ аскерлери Тикрит шаарында Саддам Хусейиндин жети тарапкерин колго түшүрүштү. Алар америкалык аскерлерге кол салууну уюштургандар деп шектелүүдө. Ал эми эл-Нажаф шаарына бүгүн миңдеген мусулман-шииттер чогулуп, кечээ күнү набыт болгон үч кишинин тажиясына катышты. Шииттердин диний лидерлеринин бири Аятолла Сейид Мухаммад Сайд ал-Хакимдин кеңсесинин жанында жекшемби күнү бомба жарылганда ал өзү жаракат алып, эки жан сакчысы жана айдоочусу набыт болгон эле.
Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында кагылышуулар токтоду. Өткөн жуманын соңунда Киркукта жергиликтүү түркмөндөр менен күрттөрдүн кагылышуусунан 12 киши набыт болгон. Бул окуяга байланыштуу Түркия Түндүк Иракта коопсуздукту камсыз кылууга АКШны чакырды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүл Түркия Ирактагы түркмөндөргө коркунуч келүүсүнө жол бере албасын билдирди. Эл аралык Кызыл чырым комитети болсо Ирактагы кызматкерлеринин санын коопсуздукка байланыштуу кыскартаарын билдирди. Бул тууралуу Кызыл чырымдын өкүлү Нады Думани мындай деди:
Бизге террордук чабуул болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат алдык. Багдадда баш-аламандык, айлан-чөйрөбүздө туруксуздук орун алууда.Мындай шартта кызматкерлерди кыскартуудан башка чарабыз калбады.
Комитеттин Иракта 50нүн тегерегиндеги кызматкери калмакчы.

XS
SM
MD
LG