Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Нарын АЙЫП, Прага Бир айлык тыныгуудан кийин, Гаага шаарында Слободан Милошевичтин соту 25-августта уланды. Милошевич азыр - аскерий кылмыш жасаган деп күнөөлөнгөн жалгыз мурдагы мамлекеттик жетекчи. Эгер күнөөлөр далилденсе, ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилиши мүмкүн.

Слободан Милошевичке каршы күнөөлөрдү прокурорлор үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин коюп бүтөөрү күтүлүүдө жана андан соң сөз анын жактоочуларына берилет. Ошондуктан сот чечими эмдиги жылдын аягында же 2005-жылдын башында чыгарылаары ыктымал. 25-августтагы жыйында - 1995-жылы Босниянын Сребреница шаарынын алдындагы кыргын үчүн Милошевич жооптуу деп айтылды, бирок ал өзү андай күнөөнү чекте кагып, кошуна Боснияда болгон окуяларга анын дагы, Сербиянын башка жетекчилеринин да эч тийешеси болгон эмес деп билдирди.

Анткен менен, мурда ушул эле Гаага трибуналы тарабынан 10 жылга кесилген серб Дражен Эрдемовичтин берген көрсөтмөсү боюнча, Сербиядан колдоо болбогондо, босниялык сербдер мынчалык мыкаачылыкка бара алмак эмес. 1995-жылдын июлунда Босния мусулмандарынын Сребреница шаарынын сегиз миңге жакын эркек тургунун сербдер чогултуп, атып салган. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европа аймагында мынчалык кыргын болгон эмес.

Бириккен Улуттардын мурдагы Югославия боюнча аскерий трибуналынын башчысы Карла дел Понтенин дипломатиялык маселелер боюнча кеңешчиси Жан-Даниел Руштун айтымында, Милошевичке каршы жетиштүү далил чогултулду:

- Чындап айтканда, бизде жетиштүү далил дагы, аны аныктай турган күбөлөр да арбын. Алар - Боснияда болгон окуялар менен Милошевич жана серб жетекчилиги ортосундагы байланыштарды далилдей алат. Башкы прокурор Карла дел Понтенин ишениминде, эгер сот бүгүн токтоп калса дагы, катуу чечим чыгарууга жетиштүү далил чогултулду.

Билими боюнча Милошевич юрист, ошондуктан адвокат албастан, Гаагадагы сотто өзүн өзү коргоодо. 1984-жылы Милошевич 43 жашында коммунисттик партиянын Белград шаардык комитетинин башчысы болгон. Аны бул кызматка Югослав компартиясынын ал кездеги башчысы Иван Стамболич алып келген жана 1986-жылы ал Сербиянын президенти болуп шайланганда, Милошевичти бүткүл компартияны жетектөөгө калтырган. Бирок бир жылдан кийин Милошевич өзүнүн мурдагы жетекчисин - коммунисттик идеяга чыккынчылык кылган деп күнөөлөп, компартиянын 1987-жылдын сентябрындагы курултайында Стамболичти кызматтан чегиндирип, эки жылдан кийин өзү Сербиянын президенти болгон. Кийин, Югославияда бир нече ич-ара согуш болуп өтүп, тукум курут саясаты жүргүзүлүп, эл аралык коомчулук Милошевичти күнөөлөп, мына кармай турган абалга жеткенде, 2000-жылы Стамболич дайынсыз жоголуп кеткен.

Югослав федерациясына кирген Словения менен Хорватия 1991-жылы эгемендүүлүк жарыялаганда, Милошевич аларга каршы аскер жиберген. Словения ал танкилерди өз аймагына киргизбей койгон, сербдер көп жашаган Хорватияда болсо ич-ара согуш башталып, анда 10 миңге жакын адам курман болгон. Ошол эле жылы Босния да эгемендүүлүк жарыялаганада, Сербиянын колдоосу менен босниялык сербдер Босниянын ичинде өз алдынча жумурият түзүп, кыргын баштаган жана төрт жылга уланган согушта 200 миңден ашык киши өлтүрүлгөн.

1997-жылы Милошевичтин президенттик мөөнөтү аяктаганда, ал Югославиянын президенти болуп алган жана 1998-жылы Косово аймагында жашаган албандар эгемендүүлүк үчүн күрөш баштаганда, ал аймакка дагы аскер жиберген. Кыргынды токтотуу үчүн, 1999-жылдын март айында НАТО уюму Сербияга каршы аскерий сокку урууга аргасыз болгон. 2000-жылы күзүндө болсо Милошевич президенттик шайлоодо Воислав Коштуницага утулган жана бир кезде өзүн "Сербиянын аятолласы" деп атап мактанган, бирок эл тарабынан "Балкандын касапчысы" деген атка конгон Милошевич кийинки жылы кармалып, Гаага трибуналына өткөрүлгөн. Ага каршы сот 2002-жылдын февралында башталды.
XS
SM
MD
LG