Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН УКУГУ КӨП ЖЕРЛЕРДЕ КОРГООСУЗ КАЛУУДА


Айданбек Акмат уулу, Прага Кытайдын экономикасы жыл сайын 8% өсүп жатат. Бирок өлкөдө эмгек мигранттарынын укуктары сакталбай, миллиондогон адамдар андан жабыркоодо.

Кытайда эмгек мигранттарынын саны 100 миллиондон ашуун деп жазат “Нью-Йорк таймс” гезити. Алар негизинен оор, аз төлөнгөн жана кооптуу жайларда иштешет. Кытайдын айыл жерлеринен чоң шаарларга жумуш издеп келген мигранттар билим, медицина жана башка социалдык камсыздоолорго толук ээ боло албайт. Аларга карата полициянын мамилеси да көбүнчө орой. Жанында паспорту, же анын кимдигин күбөлөндүрүүчү башка бир документи болбой калган мигранттардын полициядан таяк жеген учурлары көп кезигет. Ханжоу шаарында иштеген 48-жаштагы эмгек мигранты Ванг Сиаужен “полиция бизди киши катары санабайт” дейт. Анын айтымында, ал феврал айынын бир күнүндө шаардагы жол четинде жер-жемиш сатып турган жеринен кайгуулдагы полицияны көрүп качат. Анткени бийлик андай жерде соода кылууга уруксат берген эмес. Полиция анын артынан кууп жетип сабап салат. Андан Ванг Сиаужен катуу жабыркап, ишке жарамсыз болуп калат. Бирок Ханжоунун полициясы Ванг айымга байланыштуу окуяны билбестигин, анткени ал арыз менен кайрылбаганын билдирүүдө. Ванг айымдын жолдошунун айтымында, алар Гайжоу провинциясынан Шанхайга жакын Ханжоу шаарына келүүсүнө жокчулук, акча табуу аракети себеп болгон. Бирок Ханжоу шаарында ийгиликке жетпеген Вангдардын үй-бүлөсү кайрадан айылына кетүүгө аргасыз болушту. Алар эми Ханжоудон чоң башка шаарга жумуш издеп чыгууну караштырууда. Бизге окшогон адамдарда андан башка арга жок, - дейт Ванг. Ал эми андайлар болсо жүз миллиондон ашуун.

Кытайдагы ички эмгек мигранттары кабылгандай окуялар Кыргызстан ичинде да жок эмес. Өзгөчө Орусия жана Казакстанга жумушсуздуктан агылган миңдеген кыргызстандыктардын укугу корголбогон бойдон калууда. Эки мамлекет тең өзүнүн ички эмгек рыногун коргоону бара-бара күчтүүдө. Маселен, Казакстан жакында Орусиядан кийин миграциялык карточкаларды киргизди. Ал эми Орусиянын эмгек министрлигинин “Чет өлкөлүк жарандарды ишке тартуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү” жаңы токтому 22-августан тарта ишке кирди. Бул эмгек мигранттарына байланыштуу Орусиянын мурунку эрежелерине караганда бир топ катаал. Анткени, эми жумуш берүүчү тарап чет жактан жумушчу чакыруунун алдында, Орусиянын жумушсуздук боюнча маалымат борборуна кайрылууга тийиш. Ал жерде уруксат алгандан кийин гана башка мамлекеттерден жумушчу чакыра алат. Орус тарап мындай эреженин киргизилиши Орусиянын өзүндө жумушсуздар санынын көптүгү менен түшүндүрүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда жумушсуздар саны 5 млн. 600миң киши.

Ал эми Орусияга быйылкы жылы мыйзамдык жол менен келген эмгек мигранттарынын саны 560 миң болду. Бирок расмий эмес жолдор менен келип иштеп жүргөндөр саны 5 миллионго жетет деген маалымат бар.

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы миңдеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугун коргоо максатында орус өкмөтү менен тийиштүү келишимге жетишүүгө аракеттенүүдө. Бирок, ага ушул кезге чейин кол коюла элек. Быйылкы жылдын жаз айларында тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Москвага сапары учурунда ал келишимге жетишүүгө кыргыз тарап аракеттенген, бирок Москва аны негедир токтотуп койгон. Ал эми Орусиядагы укугунун корголгон -корголбогонуна карабай миңдеген кыргызстандыктар Сибирге, Москвага карай умтулганы умтулган. Анткени, аларды да Кытайдын айылдарындагы жумушсуздук, жокчулук чоң шаарларга куугундай, кыргыз айылдары менен шаарларындагы жумушсуздук Орусиянын шаарларына, Казакстандын талааларына айдап жатат.
XS
SM
MD
LG