Карасуу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнө карашту Бирлешкен айылынын жашоочулары айылдагы ичүүчү суу, жер, жер алдынан чыккан суу маселелери боюнча көп убакыттан бери бийликке арызданып жүрүшсө дагы жакшы майнап чыкпай келе жатат. Кечээ 25-август күнү «бирлешкендиктер» айылдык мечиттин алдына чогулуп, ушул көйгөйлөрүн чечип берүүнү өтүнгөн кайрылуу катын президентке, өкмөт башчысына, губернаторго жана акимге жолдошту. Чындыгында айыл тургундары үчүн иче турган суу чоң маселелердин бири. Бул айылга эң алгачкы суу түтүктөрү өткөн кылымдын 60-жылдары курулган, бирок суу түтүктөрдөн шор суу чыккандыктан эл ичпей, натыйжада түтүк менен эч кимдин иши болбой көпчүлүгү иштен чыккан. Андан кийин 1986-жылдан тарта элге иче турган суу трактор менен ташылып келе баштаган. Бирок 4-жылдан кийин ал да токтогон. 1993-94-жылдары “Ошсууканал” ишканасы тарабынан эски суу түтүктөр оңдолуп элге таза суу келген. Бирок бирлешкендиктердин бул сүйүнүчү көпкө созулбай суу түтүктөрүнөн бир күн суу акса, бир жума акпай дагы токтоп калган. Бүгүнкү күндө айыл эли арыктын суусун ичип, ар кандай жугуштуу ооруларга тушугуп жатышат. Айылдагы суу көйгөйү боюнча карыя аксакал Ташболот Тумаров мындай дейт:
- 2000-жылдан суу маселеси боюнча тиешелүү жерлерге көп бардык. 10-15 сомдон топтосоңор чечилет дейт дагы суу 3-4 ай берилгенден кийин дагы токтоп калат. Биз жардам берет бекен деп кайрылып отурабыз.
Айылдын дагы бир көйгөйү жаш үй-бүлөлөргө берилчү үй курулуучу участок жана үлүш жерлер маселеси. Бул боюнча Бирлешкен айылынын дагы бир тургуну 12 баланын атасы Маман Төрөбаев төмөнкүчө айтты:
- Өзүбүздүн 100 гектар фонддун жери бар эле, 60 гектарын айыл өкмөтү өзү басып жатат. Чекесинен кыркып чек-чек кылып сатып атат. Мен 12 баланын атасымын, арыз жазганыма 4 жыл болду, жер бербейт.
Аман Төрөбаев аксакалдын 9 баласынын сегизине үлүш жер ала албай жүргөн Топчубаева Каракыз апа минтип коштоду:
- 9 уулум бар, аларга үлүш ала албай атам. Жер план да жок. Өзүм ушул жерде туулуп, өсүп келатам.
Бирлешкен айылынын көп жылдардан бери жүдөтүп келе жаткан жер алдынан чыккан суулар. Бул суулардын айынан 300 гектар жер, бак, айдоо жер суу чыгып кетип жараксыз болуп сазга айланган. Суулардан бүгүнкү күндө айылдын 33 үй-бүлөсү жабыр тартышууда. Өзгөчө кырдаал жана экология министрлигинен эксперттер келип көрүп кетишсе дагы алигиче оңдуу жооп жок. Кенже Максүтова эже бул боюнча мындай дейт:
- Айылдын 33 үй-бүлөсү жерден суу чыгып, МЧС келип текшерип кетип, бизге канал чыгарып сууну алып кетебиз деген, келбей жатат. Үйлөрүбүз жарылып кетти, сыз чыгып атат. Айыл өкмөтү, райондук аким таптакыр бизден кабар албайт.
Бирлешкен айылынын жашоочулары бийликке көп жолу кайрылып, эч кандай майнап чыкпагандыктан «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеевге да кайрылышкан. Ал боюнча Керим Макеев төмөндөгүчө айтты:
- Элдин көйгөйү өтө күчтүү, акимди да эл тааныбайт. Өкмөт чогулуш кылат, бирок көйгөйүн айта турган эл менен жолугушпай, өзүнүн дежур аксакалдары менен чогулуш жасап кете берет.
Облуста жогорудагыдай көйгөйлөрү бар ондогон айылдар бар. Айрыкча суу түтүктөн чыккан тунук сууга зар болуп, арыктын сугат суусун ичип жүргөн элеттиктер толтура.