Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкектин «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш ачылды


Президенттин кубогуна арналган эларалык турнирге 7 өлкөдөн: Казакстан, Өзбекстан,Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Тоолуу Алтайдан тандалма командалар келишти. Президент кубогунун жалпы байге фондусу 2 млн. 200 миң сомду түзөт. Турнирди көрүп тажрыйба алуу үчүн Мажаристандан да өкүлдөр келишти. Кыргызстандын намысын «Чыгыш» жана «Батыш» деп аталган эки тандалган команда коргоп жатат. Биринчи беттешүү Кытайдын командасы менен Кыргызстандын « Батыш» командасынын ортосунда болуп, оюн кыргызстандык жигиттердин жеңиши менен аяктады. Экинчи беттешүү Тажикстан жана Орусия ортосунда болууда. Оюндар «Аккула» ат майданында күн сайын түштөн кийин башталып, жеңүүчүлөр 31- августта аныкталат.

Алатоо кабарларын Бакыт Аманбаев, Азиза Турдуева даярдашты.
Текстти редакциядан өткөргөн Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG