Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

III элдик курултайдын делегаттары кыргыздардын дүйнөлүк курултайына катыштырылбайт


БИШКЕК. 26-август. Ушул айдын аягында Ысыккөлдө өтчү кыргыздардын II дүйнөлүк курултайына Аксы курултайынын делегаттары катыштырылбайт. Бул жөнүндө 26-августта президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Азаттыкка» билдирди. Жанузаков кыргыздардын дүйнөлүк курултайына президенттин жардыгына ылайык облус, шаар, райондордон шайланган делегаттар катышаарын айтып, Аксы районунда өткөн жыйындан делегаттардын шайланышы мыйзамсыз деп маалымдады. 23-августта Аксыда өткөн III элдик курултайдан кыргыздардын дүйнөлүк курултайына 21 делегат шайланган. Алардын ичинде Абсамат Масалиев, Исмаил Исаков, Алевтина Проненко, Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Замира Сыдыкова, Турсунбек Акун жана башкалар бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG