Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ирактын куралдары жөнүндөгү маалыматты Саддам Хуссейндин режимине жакын киши берген


ЛОНДОН. Британиянын чалгындоо кызматынын башчысы "Ирак 45 мүнөттүн ичинде химиялык жана биологиялык куралдары менен кайсы болбосун өлкөгө кол салууга кудуреттүү деген маалымат ирактык булактан алынганын билдирди. Джон Скарлет бул билдирүүнү бүгүн британиялык аскердик эксперт Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу суракка алынганда жасады. Өкмөттүн Ирактын куралдарына байланышкан билдирүүсүнө байланышкан чуулгандуу окуянын борборунда болгон Дэвид Келли белгисиз себептерден өзүн өзү өлтүргөн. Өкмөттүн баяндамасын даярдаган топту жетектеген Скарлет Ирактын куралдары жөнүндөгү маалымат Саддам Хуссейндин режимине жакын кишиден алынганын жана өкмөт ал жетектеген топко эч кандай кысым көрсөтпөгөнүн билдирет. Чатак Би-Би-Си "Британ өкмөтү Иракка согуш ачуу максаты менен баяндамадагы факталырды бурмалаган деп маалымдап, Дэвид Келлиге шилтеме бергенден башталган болчу.

Баян Жумакадыр кызы, прага шаары

XS
SM
MD
LG