Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Владимир Гусинскийди Греция Орусия береби?


МОСКВА. Орусиянын баш прокуратурасы грек бийликтеринен өткөн жумада Грецияда кармалган медиамагнат Владимир Гусинскийди өткөрүп берүүнү суранат. Баш прокурордун кеңесесинин маалымдашынча, орус өкүлдөрү ан үчүн тийешелүү документтерди даярдап жатышат.
Өткөн жумада Афинанын аэропортунан кармалган Гуссинский Греция сотунун чечими боюнча камакта кала берүүдө. Гусинскийди Орусияга өткөрүп берүү чечими, эреже боюнча, ал кармалгандан 45 күндүн ичинде кабыл алынууга тийиш. Гусинскийге каршы кылмыш иши 2000-жылдын күзүндө Газпром компаниясынын талабы боюнча козголгон. Гусинский алдамчылык жол менен акча тапкан жана арам акчаны адалдаган деп айыпталат.

XS
SM
MD
LG