Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Түндүк Кореянын делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн Бээжинге келди


БЭЭЖИН. Пхеньяндын ядролук программасына байланышкан эл аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн бүгүн Бээжинге Түндүк Кореянын делегациясы келди. Кытайдын Синхуа кабар агенттиги расмий Бээжин Түндүк Кореяны кандайдыр санкциялар менен кысмактоого каршы экенин билдирди. АКШ, Түштүк Корея, Япония жана Орусиянын дипломаттары Кытайдын баш калаасына кечээ келишип, бүгүн бейрасмий жолугушууларды өткөрүшүүдө. Расмий сүйлөшүүлөр эртең башталып, жума күнгө чейин созулат. Ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кеткен Түндүк Корея учурда ядролук куралдарды чыгаруунун үстүнөн иштеп жатканы шектелет. Сүйлөшүүнүн максаты - Түндүк Кореяны ядролук программасынан баш тарттыруу. Ал эми Түштүк Корея бүгүн Түндүк Кореянын кемеси чек араны бузуп, Түштүк Кореяга тийешелүү сууларга кирип келгенин жана ага эскертүүчү ок атылганын маалымдайт.

XS
SM
MD
LG