Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 01:09
ИЕРУСАЛИМ. Иордандын батыш жээгиндеги Наблус шаарында израилдик аскерлер палестиндердин “Ал-Аксы“ бригадасынын эки согушкерин камакка алышты. Согушкерлер октон жарадар болуп, ооруканада жаткан жеринен кармалган. Палестин согушкерлери өткөн жумада Израилдик аскерлер менен болгон айыгышкан кармашта жарат алышкан. Ал ок атышуудан Палестин автономиясынын башчысы Ясыр Арафаттын Фатх тобунун жергиликтүү лидери Халед Намруди курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG