Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Бүгүн Багдадда америкалык машине жардырылып, андан бир америкалык солдат курман болду


БАГДАД. Иракта антитеррордук коалициянын аскерлерине кол салуулар уланууда. Бүгүн аскердик автомашиненин жардыруусунда бир америкалык солдат курман болуп, экөө жарат алды. Окуя Багдаддын түндүк батышында турган Хамалиях деген жерде болгон. Ал эми Кут шаарында куралдуу топтордун аткылоосуна Иракта кызмат өтөп жаткан эл аралык аскердик коалициянын курамына кирген украин аскерлери кабылды. Бирок андан эч ким жарадар болгон жок. АКШнын аскердик жетекчилиги "Иракта негизги аскердик операциялар аяктады" деп жарыялаган 1-майдан бери 138 америкалык солдат курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG