Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Индия Бомбейдеги жардыруунун жоопкерчилигин исламдык топторго жүктөдү


БОМБЕЙ. Индиянын саясатчысы Бомбейде бери дегенде 50 кишини өлтүрүп, 150 дөй кишини жарадар кылган жырдыруунун артында исламдык топтор тургандыгын билдирди. Индиянын Махараджа штатынын кабинет башчысынын орун басары Чаган Бхуджбай мындай деди.

- Террордук топтордун биздин дарбазабыз саналган жерди жана андагы Тажмахал мейманканасы менен финансы борборун тандап алгандыктарынын себеби, - алар биздин экономикабызга сокку ургусу келген. Полиция бул кол салуулардын артында турган адамдарды табууга аракеттенип жатат жана жогорку даярдык абалына келтирилди!. Кол салуунун жоопкерчилигин бир да уюм өзүнө ала элек. Ал эми чабуулду сынга алган Орусия, Кытай, АКШ, Пакистан, Улуттар Уюму жана Еврошериктештик террорду эч нерсе менен актоого болбой тургандыгын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG