Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Нарын АЙЫП, Прага 27-августта Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк курал проблемасы боюнча алты тараптуу эл аралык сүйлөшүү башталды. Жолугушуу үч күнгө уланат жана ага АКШ менен Түндүк Кореядан тышкары Жапания, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышууда.

Түндүк Корея маселеси мындан бир жарым жыл мурда башталган. 2002-жылдын январында сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Жорж Буш күтүүсүздөн Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны бириктирип, аларды "балакеттин үчилтиги" деп атаган. Арадан он ай өтпөй, америкалык жетекчилик 16-октябрда - Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан жандандырды деп жарыялаган. Декабр айында Пхеньян - Йоңбйон шаарынын алдындагы өзөктүк реакторду чындап эле кайрадан иштете баштаганын билдирип, өлкөдөгү америкалык инспекторлорду чыгарып жиберген. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында болсо Түндүк Корея - Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден расмий түрдө чыгып кетти.

Ал келишимден Пхеньян мындан он жыл мурда да чыгам деп коркуткан жана америкалык жетекчилик аны менен узак жана татаал сүйлөшүү жүргүзүп, 1994-жылы эки өлкө ортосунда атайын келишим түзүлгөн. Ага ылайык, өлкөнүн өзөктүк программалары токтотулмак, АКШ жана дүйнөлүк коомчулук болсо Пхеньянга жардам көрсөтүп, аскерий курал чыгара албаган эки өзөктүк реактор куруп бермек. Жардам бир топ эле көрсөтүлдү, бирок убадаланган реакторлор сегиз жылдын ичинде курулган жак, эң негизгиси болсо - "балакеттин үчилтигине" кирген Иракка каршы согуш башталып, Иранга карата да катуу кысым жасалып жатканда, Түндүк Корея жетекчилиги - өз коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн, биз өзөктүк куралга ээ болууга тийишпиз деген турумда.

АКШнын айтымында болсо, Түндүк Корея чет өлкөлөргө көп курал экспорттойт, ошондуктан өзөктүк куралга ээ болсо, ал террорчулардын колуна дал ушу Түндүк Корея аркылуу тийиши мүмкүн. Үстүбүздөгү айдын башында Тайвандын жээгинде - Түндүк Кореядан келаткан жана 156 баррел шектүү химиялык зат жүктөлгөн кеме кармалган. Өткөн декабрда испаниялык суучулдар - Түндүк Кореядан Йеменге "Скад" ракеталарын жүктөп бараткан кемени кармаган. 1987-жылы болсо түндүк кореялык тыңчылар бир түштүк кореялык учакты жардырган, анын ичиндеги бардык 115 жүргүнчү курман болгон жана АКШ Пхеньянды - террорчулукту колдогон өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Түндүк Кореядан тышкары ал тизмеге Ливия, Куба, Ирак, Иран, Сирия жана Судан кошулган.

Бээжиндеги сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөр - Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болбошун көздөгөнү менен, алардын ар биринин өзгөчө да кызыкчыктары бар. Мисал үчүн, Жапания - Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда барымталанып кеткен жарандар маселесин чечүүнү эңсейт. Пхеньян менен мамилеси жакшы Кытай жана Орусия болсо дүйнөгө жайылып бараткан АКШнын таасирин басаңдатууну көздөйт. Ошондуктан, Бээжин - АКШнын талаптары өтө катуу деп бир нече жолу билдирген.

Бирок Жапаниянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучинин пикиринде, сүйлөшүү башталганы эле жетишкендик:

- Эгер биз дагы бир жолу жолугушуу тууралуу макулдашып, келерки сүйлөшүүнүн күнүн жана ал кайсы жерде өтөөрүн белгилесек эле - ошол чоң жетишкендик болот.

Вашингтон менен Пхеньян ортосунда араздашуу башталганда эле америкалык жетекчилик көп тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаган, Түндүк Корея болсо - эки өлкө ортосунда гана сүйлөшүү өткөрүп, АКШ Түндүк Кореяга кол салбастыгы туралуу кепилдик берүүнү талап кылып келген. Вашингтон андай опузаны четке каккан, бирок көп тараптуу сүйлөшүү учурунда эки өлкө тең кандайдыр бир кыюуга барашы мүмкүн жана Пхеньян аны кийин өз жеңиши катары жарыялашы ыктымал.
XS
SM
MD
LG