Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

ДЕМКОДЕКС: КАРШЫ, КАЛЫС, МАКУЛ


Демократия кодекси кыргыздардын дүйнөлүк курултайында кабыл алынмакчы. Кодекс долбоору бир ай бою талкууга алынды. Президенттин жарлыгы менен демократиялык коопсуздук кеңеши түзүлүп, ал өзүнүн концепциясын жарыя кылардан мурун «Теңир Ордо» улуттук дөөлөттөрдү сактоо коомдук кеңеши демократиялык жүрүм-турум эрежелеринин элдик нарк, каада-салтына негиздеп жарыя кылган.

Демократия кодекси 7 баптан турары, анда демократиялык жүрүш-туруш эрежелери кенен-кесир сыпатталып жазылганы, улуттук каада-салттардын, элдик философиянын уңгулуу салттары кадыресе камтылганы, стилдик жагынан дурус дегидей деңгээлде иштелгени маалымдоо каражаттарында жетишерлик айтылды. Антсе да, кыргыз мамлекеттүүлүгү менен эгемендик күнүнө тушташ кабыл алынчу маанилүү документ көпчүлүккө кабарсыз калды. Чоң мааракелерден колу бошобогон кыргыз бийлиги Демократия кодексин калк арасында талкууга салып, мамлекеттик машиненин жардамы менен көпчүлүктүн көңүлүн бура албады. Анын үстүнө буга чейин жыл кур эмес кабыл алынып келаткан толгон-токой программа, концепциялардын жанында жаңы кодекстин маани-маңызы жакшы ачылбай калды шекилдүү. Иши кылып, кодексти мактоочуларга караганда аны жаратпай салгандардын катары арбын болду. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов аны илимтүспөл жазылган рефератка теңесе, «Аалам» гезити аркылуу журналист Нургазы Анаркулов аны кадалып окуп атып деле түшүнө албай койгонун жазып чыкты. Н.Анаркулов кодекс туралуу мындай деп ой бөлүшөт:

- Демократиялык кодексти башынан аягына чейин окуп чыгуу кыйын. Анын себеби жөнөкөй эле – түшүнүксүз, ойлору чачыранды, анын үстүнө кодекс авторлору аябай эле татаалдаштырып жазышкан. Мунун ичинде кыргыз тилин шылдыңдаган көп нерселер бар. Элдин кызыкчылыгына каршы келген жерлери көп. Кодекс курултайда кабыл алынгандан кийин мыйзамдык түспөл берилет деп турбайбы. Четтен келген адамдарга Демкодексти кабыл алдырып аны менен бизди жашатабыз дегендин өзү туура эмес. Кеп бул жерде бийликтин элди башкара албай жатканында болуп атат. Демократиялык кодекс ушул турушунда кабыл алынып калса буга чейинки демократиялык жетишкендиктерибиздин баары бир тыйынга арзыбай калат.

Демократия жүрүм-турумун улуттук көөнөргүс баалуулуктардын ыңгайында аңдоого аракет жасаган Дастан Сарыгулов эмнеликтен кодекс четтен келген улутташтарыбыз тарабынан кабыл алынарына бушайман.

- Демократия кодексинин долбоору Конституцияга карама-каршы, Конституцияны одоно бузган жоболору менен мени таң калтырды. Мисалы, 7.14 беренесинде кодекс мыйзам күчүнө ээ болот деп жазылыптыр. Кыргызстандын жараны болбогон адам Кыргызстан эли аткара турган мыйзамды кабыл алууга кандай укуктуу, деген суроо туулат.

Кодекс авторлорунун бири философия илим доктору, профессор Осмон Тогусаков талашта айтылган ойлордун кыйласы менен макул эмес.

- Ошол эле оппоненттер айтып жүргөн ойлордун баары бул жерде чагылдырылган. А булар болсо бир статьяны же бир пунктту, болбосо бир бөлүктү алып талдоо жүргүзгөн жок. Мыйзам деңгээлине жеткирели, деген пикир бизде жок. Демократиялык коомду куруу максатынын бир жолу мына ушул кодекс, ал идеологиялык багыт катары биздин жүрүм-турумубузду жөнгө салат. Мына биз демократиялык жүрүм-турум эрежелеринин нормасын жаздык.

Демократия кодекси талкуусу негизинен эки маселенин гана айланасында жүрдү. Анын биринчиси - кодекс мыйзамды алмаштырабы, эгер андай болсо эмнеликтен ал парламентте эмес, кыргыздардын дүйнөлүк курултайында кабылданат? Экинчиси - кодекстин көлөмү. Кодекс авторлору элге таанымал илимпоздордон болгону, туюнтулчу ойду кенен-кесир чечмелеп берүү кыныгын алдырган кесиптик көнүмүш кодекстин көлөмүнүн чоңоюп кетишин шарттаган. Дегинкиси, улуттук идеологияга умтулган адагыдай маанилүү документтердин баары негедир ашык-кеми жок «7» санына ылайыкталып жазылууда. Мындан 7 жыл илгери президент А.Акаев «Манастан» 7 осуят сууруп чыты эле. Маараке өтүп, башка той-топур башталганда аны эстеген деле киши болбоду.
XS
SM
MD
LG