Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Белгилүү физик Самат Кадыров дүйнөдөн кайтты


Бишкек. 27-август. 25-августта белгилүү окмуштуу физик Самат Кадыров 71 жашында дүйнөдөн кайтты. 27-август күнү анын сөөгү Бишкектеги «Аларча» көрүстөнүнө коюлду. Самат Кадыров 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика бөлүмүн бүтүрүп, 1957-жылы Москвадан кандидаттык диссертациясын коргогон. 1958-1960-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1960-1962-жылдары Ташкен институтунда илимий кызматкер, 1963-1994-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда физика кафедрасын жетектеген. Самат Кадыров 1962-жылдан тартып белгилүү физик Эйнштейндин теориясына атаандаш бирдиктүү талаа теориясын иштеп чыккан. 2000-жылы «Табият таануу илиминдеги башкы проблемалар» деп аталган эларалык конгресстин чечими менен анын теориясы «XX кылымдын башкы ачылышы» деп бааланган.

XS
SM
MD
LG